https://sputnik.kg/20240929/kyrgyzstan-tokmok-zombuluk-asker-kyzmatkeri-1089078702.html
Токмокто кызыл камчы мурдагы аскер кызматкерине иш козголду
Токмокто кызыл камчы мурдагы аскер кызматкерине иш козголду
Sputnik Кыргызстан
Ал аялына байма-бай кол көтөрүп келгени, натыйжада келиндин мээси чайкалганы айтылган. 29.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-29T11:40+0600
2024-09-29T11:40+0600
2024-09-30T18:32+0600
кыргызстан
токмок
зомбулук
аскер кызматкери
https://sputnik.kg/img/07e8/01/10/1081956739_0:154:3095:1895_1920x0_80_0_0_98765382eef4a9ec1d4b594545150e98.jpg
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Токмокто аялын такай сабаган делген мурдагы аскер кызматкери камалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.Соцтармактарда мурдагы аскер кызматкери аялын такай сабап күн көрсөтпөгөнү, милиция шектүүгө чара көрбөй жатканы айтылган маалымат тараган. Чүй милициясы окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.Жабырлануучу ошол эле күнү Улуттук госпиталга кайрылып, мээси чайкалган деген диагноз коюлганы белгиленди.Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен иш козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
https://sputnik.kg/20240925/ala-buka-kiynoo-1088985915.html
токмок
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/10/1081956739_183:0:2912:2047_1920x0_80_0_0_932c2c9db56afade34f6a83b3df2c483.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, токмок, зомбулук, аскер кызматкери
кыргызстан, токмок, зомбулук, аскер кызматкери
Токмокто кызыл камчы мурдагы аскер кызматкерине иш козголду
11:40 29.09.2024 (Жаңыртылды: 18:32 30.09.2024) Ал аялына байма-бай кол көтөрүп келгени, натыйжада келиндин мээси чайкалганы айтылган.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Токмокто аялын такай сабаган делген мурдагы аскер кызматкери камалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Соцтармактарда мурдагы аскер кызматкери аялын такай сабап күн көрсөтпөгөнү, милиция шектүүгө чара көрбөй жатканы айтылган маалымат тараган. Чүй милициясы окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
"21-сентябрда Токмок шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндөгү батирлердин биринде күйөөсү аялын сабап жатканы кабарланган. Милиция жерине барганда 28 жаштагы А.А. 30 жаштагы С.Б. аттуу жолдошу дайыма сабап күн көрсөтпөгөнүн белгилеп, чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган", — деп айтылат маалыматта.
Жабырлануучу ошол эле күнү Улуттук госпиталга кайрылып, мээси чайкалган деген диагноз коюлганы белгиленди.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен иш козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.