00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:56
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ысык-Көл сазга айланып баратат! Экологдор коңгуроо кагууда

© Sputnik / Эмиль СадыровБалыкчы шаарындагы Ысык-Көлдүн жээги. Архив
Балыкчы шаарындагы Ысык-Көлдүн жээги. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2024
Жазылуу
Ысык-Көл бүгүн абдан чоң экологиялык көйгөйлөргө туш болуп турат. Аны сактап калуу үчүн тезинен алдын ала комплекстүү иш-чараларды жасоо зарыл.
Sputnik Кыргызстан радиосунда конокто биология илимдеринин кандидаты, экология жаатында эксперт Нурзат Тотубаева болду. Биз климаттын өзгөрүшү, берметибиз Ысык-Көлдүн абалы тууралуу маектештик.
© Sputnik / Кенжебай СатканалиевБиология илимдеринин кандидаты, экология жаатында эксперт Нурзат Тотубаева
Кандидат биологических наук, эксперт в области экологии Нурзат Тотубаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2024
Биология илимдеринин кандидаты, экология жаатында эксперт Нурзат Тотубаева
— Акыркы кезде климаттын өзгөрүшү жана барган сайын күндүн ысышы да байкалат....
— Чынында адамдар илимий-техникалык прогресстин туу чокусуна жеттик деп кубанганыбыз менен чындыгында Жер эненин болгон ресурсун колдонуп жатыптырбыз. Тилекке каршы, Жер мындан ары өзүн-өзү дарылай албай калган абалга келип калды. Ошондуктан да бир катар экологиялык көйгөйлөргө туш болуудабыз. Климаттын өзгөрүшү экологиялык көйгөйгө айланды. Ар бирин өзүнчө кароо мүмкүн эмес. Себеби мунун баары бир бүтүндүк. Бир жерде бузулуу болсо аркасынан бир канча экологиялык көйгөйлөрдү алып келет. Ошондуктан токойлордун кыйылышы селдин жүрүшүнө себеп болуп жатканын биз так түшүнүшүбүз керек. Токойлорубуз эрозияга учурап, көлдөрүбүз саз болуп, сууларыбыздын сапаты төмөндөп, тилекке каршы, климат жакшырмак турсун, улам начарлагандын үстүндө. Ошондуктан адамзат мындан аркы кадамдарын терең ойлонушу зарыл. Кыргыздарда тээ Манастан бери эле табият менен таттуу мамиледе болуунун зарылдыгы белгиленип, жаратылышка аяр мамиле жасалып келген. Бул — жашоо талабы. Башка жол жок. Мурда жаратылыш менен тыгыз байланышта элек, азыр эки жагыбыздын баарын чоң дубал менен тосуп, жаратылыштан өзүбүздү чектеп алдык. Жаратылыш бизге мээримин төгүп, жылуулугун, суусун берип жатканын унутуп калдык. Глобалдык экономикалык проблемаларга туш болдук да, жылдан-жылга бир канча көйгөйүбүз көбөйүп, адамзатка коркунуч жаралып калды.
© Фото / Нурзат Тотубаева Нурзат Тотубаева: — Климаттын өзгөрүшү экологиялык көйгөйгө айланды. Ар бирин өзүнчө кароо мүмкүн эмес. Себеби мунун баары бир бүтүндүк. Бир жерде бузулуу болсо, ал аркасынан бир канча экологиялык көйгөйлөрдү алып келет
Состояние озера и побережья Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2024
Нурзат Тотубаева: — Климаттын өзгөрүшү экологиялык көйгөйгө айланды. Ар бирин өзүнчө кароо мүмкүн эмес. Себеби мунун баары бир бүтүндүк. Бир жерде бузулуу болсо, ал аркасынан бир канча экологиялык көйгөйлөрдү алып келет
— Мөңгүлөрүбүз да көйгөйгө дуушар болгонун айтып жатабыз. Сиздер бул жаатта да изилдөө жасап көрдүңүздөрбү?
— Мөңгүлөрүбүз эрип жатканы маалым, бирок анын жанына туруп алып тынымсыз кен казып жатпайбызбы. Акыркы кезде Кыргызстанда сел аябай көп жүрдү. Биз 30 жылда токойлорубузду кыйып келдик. Бул бир-эки жылда жаралып калган нерсе эмес, ошол 30 жылдагы топтолгон көйгөйлөрдүн кесепетин бүгүн көрүп жатабыз. Мөңгүлөр канча бир пайызга азайганы айтылууда. Мунун кесепетин балдарыбыз көрүп калышы ыктымал. Эми акыл-эсибизди жыйып, аны коргоого, алдын алууга аракеттерди көрүү керек. Экономика дейбиз. Чынында экономиканын базиси жаратылыш ресурстарына багытталып жатат. Жаан-чачындын суусун топтогонго токой себепчи болот, эгер токой жоголуп кетсе жаан-чачын кайра эле бууланып кетет. Токойдун аз болгону суу аз дегенден кабар берет. Бак-дарактар канча бир пайыз суу менен өзүбүздү камсыздоого, климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүүгө негиз болот. Жайыттарыбыздын 80 пайызы деградацияга учурады деп жатабыз. Демек, жандуу өсүмдүктөр жок болуп кеткен. Алар жер кыртышын тамыры менен бек кармап, сууну топтоп, бир канча функцияны аткарып турат. Аны аткара албай калганда баланс бузулуп, мөңгүлөр эрип, сел жүрүп жатат.
© Фото / Нурзат ТотубаеваНурзат Тотубаева: — 2024-жылдын май айында атайын экспедиция менен барып, көлдүн балырланып, саз болуп бара жаткан аймактарын көрүп, жүрөгүм ооруп жаман болдум. Буга чейин тынбай айтып эле жаттык. Бирок эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн көл балансынан чыгып бара жатканына күбө болдук
Состояние озера и побережья Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2024
Нурзат Тотубаева: — 2024-жылдын май айында атайын экспедиция менен барып, көлдүн балырланып, саз болуп бара жаткан аймактарын көрүп, жүрөгүм ооруп жаман болдум. Буга чейин тынбай айтып эле жаттык. Бирок эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн көл балансынан чыгып бара жатканына күбө болдук
— Буга чейинки маектериңизде Ысык-Көлдүн 50 пайыз ресурсун колдонуп, коротуп койгонубузду айттыңыз эле…
— Ооба, "Ысык-Көл — Борбордук Азиянын бермети" деп сыймыктанып, мактанып, ушуга чейин аны пайдаланып, эс алып, андан пайда табууну гана көздөп келдик. Бул — мен үчүн абдан көйгөйлүү, жүрөгүмдү ооруткан маселелердин бири. Буга чейинки маектерибизде Ысык-Көл балырланып кетиши мүмкүн дечү элек. 2024-жылдын май айында атайын экспедиция менен барып, көлдүн балырланып, саз болуп бара жаткан аймактарын көрүп, жүрөгүм ооруп жаман болдум. Буга чейин тынбай айтып эле жаттык. Бирок эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн көл балансынан чыгып бара жатканына күбө болдук. Бул түшүнгөн адамды ушунчалык кабатырлантат. 2022-жылы жаңыдан балырланып бара жаткан көлдүн сүрөттөрүн телефонума тартып келип, социалдык баракчама жазып чыккам. "Он жыл ичинде чара көрбөсөк балыр басып кетет" дегенбиз. 2024-жылы кадимкидей эле балыр болуп калганын көрдүк. Булар пайда болуп алды, эми оңой менен кетпейт. Мындай көйгөй дүйнө жүзү боюнча бар. АКШ өңдүү өнүккөн мамлекеттер да көптөгөн катачылыктарды кетирип, жаратылыш ресурстарын бузуп алып, бүгүн калыбына келтирүү үчүн миллиарддаган акча жумшап жатышат. Мисалы, Эри көлүнүн көйгөйүн ушул күнгө чейин чече албай келишет. Ошондуктан Ысык-Көлдөгү бул процессти бүгүндөн баштап токтотуп калбасак, коркунучтуу жагдайлар болчудай. Биринчиден, ал рекреациялык касиетин (өзүн-өзү калыбына келтирүүчү — ред.) жоготот. Париждеги Сена дарыясынын тагдырын карагыла. Сууну балыр каптап кетсе атайын ууландыруучу заттарды бөлүп чыгара баштайт. Түшүүгө эмес, туристтерге көрсөтүүгө мүмкүн болбойт. Муну ар кандай зоналарды ачып, таштандыны тазалап коюу менен чече албайбыз. Көлдүн балырлануусу биз болжогондон да батыраак темп менен негативдүү таасир берип жатат.
© Фото / Нурзат Тотубаева Нурзат Тотубаева: — Көлдүн жээгиндеги 100 метр аралыктагы буфердик зонага тийбей, жайына коюп койсок, ал ар кандай жаман нерселерди фильтрлеп сууга жеткизбей өз кызматын аткармак
Состояние озера и побережья Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2024
Нурзат Тотубаева: — Көлдүн жээгиндеги 100 метр аралыктагы буфердик зонага тийбей, жайына коюп койсок, ал ар кандай жаман нерселерди фильтрлеп сууга жеткизбей өз кызматын аткармак
— Ысык-Көлдүн мындай тездик менен балырланып жатканына эмне себеп?
— Ысык-Көлдүн тең салмактуулук балансынан чыгышына болгон күч-аракетибизди жумшадык. Аяган жокпуз. Өзүн-өзү калыбына келтирүүчү касиетине бардык жактан бөгөт койдук. Адис катары буга чейин Көлдүн ошол касиетине, уникалдуулугуна ишенип келгем. Акыркы жүрөк үшүн алган көрүнүштөн кийин түңүлүп калдым. Биз эмне кылышыбыз керек эле? Көлдүн жээгиндеги 100 метр аралыктагы буфердик зонага тийбей жайына койсок ал ар кандай жаман нерселерди фильтрлеп, сууга жеткизбей өз кызматын аткармак. Балыр деген кичинекей көзгө көрүнбөгөн жандыктар. Азык канчалык көп келсе, аны менен азыктанып, тез көбөйө берет. Көбөйүп кеткенде ал суунун үстүн жаап калып, күндүн нурун пайдаланып, алдына кычкылтекти өткөрбөй таштайт. Ошентип көл сазга айлана берет. Суу жээгинен улам 5-10 метр арылап жыла берет. Мындан суу сапатын жоготот. Балыр токсин бөлүп чыгарат. Анткени ал саркынды суулардагы азот, фосфор менен кенен азыктанып жатат. Буга чейин көлдүн өзүн-өзү тазалоосуна шарт түзгөн чычырканактарды азайтпадыкпы. Учурда 700 гектар чычырканакты кыйып, пансионат куруп алдык. Жогоруда айткандай, мыйзам боюнча сакталуучу 100 метрлик (мурда 500 метр болчу — Н.Тотубаева) буфердик зонанын 14 пайызын курулушка берип коюшуптур. Ал эми экинчи даражадагы 500 метрлик буфердик зонанын 35 пайызы трансформацияланып, ал жакка да курулуштар түшүп кетиптир. Мыйзамда бул зонанын үчтөн бир бөлүгүн өзгөчө кырдаалдарда гана колдонууга болору жазылган. Бирок бүгүн 500 метр аралыгындагы жердин 64 пайызы трансформацияланып кеткен.
Экотуризм деп көл жээгине боз үйлөрдүн баарын тиктик. Ал эми боз үйдө жашагандар, ал жакка келгендер суу ичпейби, же алардан таштанды чыкпайбы? Демек, боз үй тигип койсо эле экотуризм болуп калбайт. Ал жерге да саркынды сууларды тазалаган курулмалар керек. Муну менен катар чатыр үйлөрдү коюп жатабыз. Азыр пляждарыбыз даараткана менен канча пайыз камсыз болгонун көрө алган жокмун. Менимче, биз эми сандан сапатка өтүшүбүз керек экен. Туризм менен эле баюуну көздөбөй, көл жээгиндеги экосистеманын 30 пайызын сактап коюу зарыл болчу. Чычырканактардын да жанын койбой кесип, талкалап, анын ордуна кокон гилас, өрүк, павлония багын "жакшы экен" деп отургузуп, баарына кык ташыдык. Мунун баары эле органикага бай зат. Кумдан фильтрленбейт да, ошентип азот, фосфорлор түз көлдү көздөй агып, балырларды азыктандырат. Мындан финансылык пайда тапканыбыз менен зыяны канча? Андан көрө туруктуу, зыянсыз өнүгүү жолун табуу керек деген ойдомун. Негизи 500 метр буфердик зона болгону туура экенин эсептеп чыктык. Биз туристтердин санына сүйүнгөн учурдан өтүшүбүз керек.
© Фото / Нурзат Тотубаева Нурзат Тотубаева: — Боз үй тигип койсо эле экотуризм болуп калбайт. Аларды да саркынды сууларын тазалаган курулмалар керек
Состояние озера и побережья Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2024
Нурзат Тотубаева: — Боз үй тигип койсо эле экотуризм болуп калбайт. Аларды да саркынды сууларын тазалаган курулмалар керек
— Ал эми сиз белгилеген балырлануу чекиттери Көлдүн кайсы аймактарында экен?
— Трофикалык деңгээлин эсептегенде Балыкчы, Чок-Тал жана Чолпон-Атадан байкалып жаткан. Кийинки жолу барганда "Рух-Ордонун", Караколдогу шаардык пляждын жээгинен сүрөткө тартып келдик. Ал эми 2022-жылы алгач ирет Григорьевкадан байкагам. Биз таза деп эсептеген Тоң, Жети-Өгүз аймактарынан да бирден-экиден балырларды көрө алдым. Демек, көйгөй аябай чоң. Мисалы, Түркиядагы Мармара көлүнүн үстүн бүтүндөй көбүк каптап калып, түшүнгөндөр бүгүнкү күнгө чейин түшпөйт, анткени ал ден соолукка зыян. Биз дагы көл жээгиндеги чычырканактарды сактап, 500 метрлик буфердик зонадагы курулуштарды токтотушубуз зарыл. Пляждарды зоналарга бөлүшүбүз керек. "Бул аймакта сууга түшүүгө болот, андан кийинки 500 метрлик зонага машина да кирбейт, сууга түшкөнгө да болбойт, жөн гана жөө келип, көлгө суктанып, эс алып отуруп кете турган жер" деп айтуу зарыл. Мүмкүн бул жерге кымбатыраак акы төлөө шартын киргизип коеттурбуз. Чычырканактарга тийгизбеш керек. Оттук өзгөчө коргоого алынган аймак экенине карабай куда тосуп, шишкебек жасап, болушунча пайдалануудабыз. Жаратылыш биотүрдүүлүктү канчалык көбүрөөк сактап калса, анын сакталуу мүмкүнчүлүгү да ошончо жогору болот.
© Фото / Нурзат Тотубаева Нурзат Тотубаева: — Көл жээгиндеги чычырканактарды сактап, 500 метрлик буфердик зонадагы курулуштарды токтотушубуз зарыл. Пляждарды зоналарга бөлүшүбүз керек. "Бул аймакта сууга түшүүгө болот, андан кийинки 500 метрлик зонага машина да кирбейт, сууга түшкөнгө да болбойт, жөн гана жөө келип, көлгө суктанып, эс алып отуруп кете турган жер" деп айтуу зарыл
Состояние озера и побережья Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2024
Нурзат Тотубаева: — Көл жээгиндеги чычырканактарды сактап, 500 метрлик буфердик зонадагы курулуштарды токтотушубуз зарыл. Пляждарды зоналарга бөлүшүбүз керек. "Бул аймакта сууга түшүүгө болот, андан кийинки 500 метрлик зонага машина да кирбейт, сууга түшкөнгө да болбойт, жөн гана жөө келип, көлгө суктанып, эс алып отуруп кете турган жер" деп айтуу зарыл
— Анын үстүнө көлдөн жылына канча тонна таштанды чыгарылып жатат...
— Мунун өзү биздин аң-сезимдүү адам болсок да ырайымсыз экенибизден кабар берет. Ошол эле учурда мамлекеттик кызматтар деле жылына мынча тонна таштанды алып чыкканын кабар беришет да, кайра эле ага жол беришет.
Чолпон-Атадагы Ысык-Көлдүн жээгинде теплоход жана эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Ысык-Көлдү суу транспортунун зыянынан кантип сактап калабыз? Көйгөйлүү маек
Жаңылыктар түрмөгү
0