00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:56
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Жаңы кесип пайда болот". Захарова АКШ RT каналына салган жаңы санкция тууралуу

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүРФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архив
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2024
Жазылуу
Океандын ары жагынан RT телеканалынын Молдовадагы демократияга, боло турган шайлоого кийлигишүү операцияларына катыштыгы бар деген кине менен үч түзүм жана эки адам санкцияга тушукканын да айтышкан.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын россиялык ЖМКларга, айрыкча RT телеканалына санкцияны кайталап салганы тууралуу айтып, Америкада "Россияга киргизилген санкция боюнча адис" деген жаңы кесип пайда болушу керек деп мыскылдады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"АКШда "Россияга киргизилген санкциялар боюнча адис" деген жаңы кесип пайда болушу керек. Кимдир бирөө санкциялардын кайталанбашына көз салышы керек да. RT телеканалына каршы санкция экинчи ирет киргизилип жатат", – деп жазган ал өзүнүн Telegram каналына.

АКШнын Финансы министрлиги кечээ, жумада, "Россия сегодня" медиатобу жана анын жетекчиси Дмитрий Киселевго санкция киргизгенин айткан.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ушул эле күнү RT телеканалынын Молдовадагы демократияга, боло турган шайлоого кийлигишүү операцияларына катыштыгы бар деген кине менен үч түзүм жана эки адам санкцияга тушукканын айткан. Бул ЖМКга каршы жаңы санкцияларды киргизүү пландарын АКШнын Мамлекеттик департаментинин Глобалдык өз ара иштешүү борборунун координатору Жеймс Рубин да жарыялаган.
Эске салсак, АКШнын Финансы министрлиги 4-сентябрда "Россия сегодня" медиатобуна, РИА Новости, Sputnik, Ruptly, RT телеканалына каршы мамилелерин катаалданткан. Буга "Россия сегодня" жана RT башкы жетекчилиги жана бир катар топ-менеджерлер да кирген.
АКШнын Мамлекеттик департаменти "Россия сегодня" медиатобун жана анын АКШдагы туунду компанияларына "чет элдик миссия" макамын тагып, ишин чектеген. Америка мыйзамы эми мекемеден АКШда иштеген кызматкерлер жана алардын мүлкү тууралуу да маалымат берүүнү талап кылууда.
Муну менен катар эле АКШ бийлиги "Кремль колдойт" делген ЖМКларда иштеген адамдарга виза берүүнү чектөө тууралуу жаңы саясатын да жарыялады. Мамдепартамент бул жагдай кимдерге тиешелүү экенин тактоодон баш тарткан.
Мекеменин расмий өкүлүнүн айтымында, чектөө Россиянын айрым журналисттерине эмес, чектөөгө кабылган уюмдардын кызматкерлерине тиешелүү.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новости агенттигине "Россия сегодня" медиатобуна каршы санкцияга жооп АКШнын Россиядагы ЖМКларынын маалымат жайылтуусуна чектөө киргизүү менен болорун билдирген.
ФБРдин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2024
RT каналынын Майамидеги кызматкеринин үйүн тинтүүгө ФБРдин 20 агенти келди
Жаңылыктар түрмөгү
0