Кыргызстанда миллиарддаган сомдук келишимдерге кол коюлду. Видео
© Sputnik / Акбар Акжигитов
Жазылуу
Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда 20 миллиард сомдук келишимдерге кол коюлду.
Форум Ысык-Көлдө өтүп жатат.
"Бул ГЭСтерди, шамал станцияларын курууга жана заманбап тамактык мейманканалар менен мейманкана инфраструктурасын тартууга багытталган реалдуу инвестициялык макулдашуулар болуп саналат", - деди РКӨФтүн башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков.