00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:08
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
1 апреля стартует электронная запись в школы: как избежать проблем прошлого года?
20:11
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда этке кетчү малдын саны жетиштүү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Айыл чарба министрлиги эт жана азык-түлүк коопсуздугу тууралуу" деп аталган брифингге катышкан. Жанузаковдун айтымында, Кыргызстан өзүн бодо мал, майда жандык, жылкы жана чочко эти менен толук камсыздап, керек болсо экспортко жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Мында тоок эти боюнча маселе бар, өлкө жыл сайын 10 миң тоннага чейин тоок этин импорттойт. Министрликтин өкүлү ишкерлер баанын көтөрүлүшүнө бодо малдын чоң көлөмдө экспорттолуп, өлкө ичинде мал калбай калып жатканын себеп катары түшүндүрүшкөнүн да эске салды. Ал базарлардын мониторинги баа негизинен Бишкекте эле көтөрүлүп жатканын, калган аймактарда эттин наркы туруктуу келип, 10-20 сомго өйдө-төмөн болуп жатканын белгиледи.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү Бишкек шаарына келишти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан мамлекеттеринин парламенттеринин өкүлдөрү "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшту."10-сентябрда Жогорку Кеңеште ЖККУ ПА кеңешине караштуу уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин төрагаларынын Координациялык кеңешмесинин жыйыны болот. 11-сентябрда Координациялык кеңешменин мүчөлөрү Балыкчы шаарында өтүүчү ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү — 2024" биргелешкен командалык штабдык машыгуусуна байкоочу катары катышат", — деп айтылат маалыматта.Эске салсак, ушул тапта Балыкчы шаарында командалык-штабдык "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" атайын окуу-машыгуулары өтүүдө. Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан мамлекеттеринен келген аскер кызматкерлери, ЖККУнун биргелешкен штабынын өкүлдөрү келишкен.
УКМК жарандардын жеке маалыматтары пайдаланылып, документ жасалмалоо фактысын аныктады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, ыкма сырттан автоунаа ташып келип, ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатуу үчүн колдонулган. "Б.Т.Д. аттуу жаран автоунааны "бажылык тазалоо" үчүн чет өлкөлүктөргө кыргыз паспортторун көрсөтүп, кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттогону аныкталган. Кылмыш ишинин алкагында паспорт жасалмалоо жана жеке маалыматтарды пайдаланууга тиешеси бар эки адам кармалып, камакка алынды", — деп айтылат маалыматта.Учурда атайын кызмат бул кылмышка тиешеси бар бажычыларды аныктап жатат.
Владимир Зеленский Украинанын куралдуу күчтөрүнө Курск чөлкөмүнөн чегинүүгө буйрук бере албайт. Анткени Батыш муну жеңилүү катары кабыл алат. Мындай пикирин аналитик Марк Епископос The American Conservative журналына жазган макаласында айткан. "Зеленскийдин өкмөтү түйүнчөгүн түйүп Курск облусунан чыгып кете албайт. Киевдин негизги милдеттеринин бири — Батыштагы элди манипуляциялоо. Аларга артка чегинүүнү элестетүү оор", — деген ал. Эксперттин айтымында, так ушундан улам Киев тынымсыз жоготууларга жана Россиянын Донбасстагы ийгилигине карабастан Курск аймагына көбүрөөк аскер бөлүктөрүн жөнөтүп жатат. Епископос Украинанын Куралдуу күчтөрү мындай аракеттер менен да Курск облусунда басып алган аймактарды сактап кала албай турганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0