https://sputnik.kg/20240908/asylkerim-osmonov-tuyak-1088529963.html
Улуу Ата Мекендик согуштагы чалгынчы. Эрдиги көз жаздымда калган Асылкерим Осмонов
Улуу Ата Мекендик согуштагы чалгынчы. Эрдиги көз жаздымда калган Асылкерим Осмонов
Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согушка кырчындай кезинде барып эрдик көрсөткөн кыргыз уулдарынын аты өчүп калбашы керек. Асылкерим Осмоновдун аты Темиркул Үмөталиевдин "Үч... 08.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-08T19:51+0600
2024-09-08T19:51+0600
2024-09-09T10:04+0600
кыргызстан
маек
"атадан калган туяк"
улуу ата мекендик согуш
аскер
баатыр
https://sputnik.kg/img/07e7/07/03/1076743893_0:298:3099:2041_1920x0_80_0_0_bdef3a8a156ad1b0abfab155c8739dd9.jpg
Чалгынчы, ондогон душманды кошо жардырган баатыр. Асылкерим Осмоновду эскерүү
Sputnik Кыргызстан
Асылкерим Осмонов Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылы 22 жашында кетип, 1943-жылы 25 жашында азыркы Чеченстандын аймагында чалгынчылыктан келе жатып немецтердин курчоосунда калат. Мина коюлган талааны беш колдой билген баатыр минаны буту менен басып, ондогон душманды өзү менен кошо ала кеткен. Анын абдан билимдүү, орус тилин мыкты билгенин айтышат.
Темиркул Үмөталиев киийин «Үч баатыр жөнүндө ыр» жана «Кубат» поэмасын жазган. «Үч баатыр жөнүндө ыр» поэмасында баатыр – Кубат Жуматаев, экинчиси - Асылкерим Осмонов, үчүнчүсү Апсамат Ашырбаевдин эрдиги, согуштагы күндөрү баяндалат.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында мейманда Асылкерим Осмоновдун бир тууган иниси Сагын Осмонов жана журналист, Улуу Ата Мекендик согуш баатырларын изилдөөчү Нурлан Кыдыршаев болду.Темиркул Үмөталиевдин "Үч баатыр" поэмасындагы бир каарман — Асылкерим Осмонов. Чыгармада Кубат Жуматаев, Асылкерим Осмонов жана Апсамат Аширбаевдин эрдиги, согуштагы күндөрү баяндалат. Осмонов согушка 22 жашында кетип, азыркы Чеченстандын аймагында чалгынчылык кылган.— Алгач Асылкерим Осмоновдун бала чагы, ата-теги тууралуу айтсаңыз?Сагын Осмонов: — Байкем 1918-жылы Тоң районунун Ак-Терек айылында туулат. Атабыз өзү кичинесинен эле кат-сабаты жоюлган киши экен, 7-класска чейин айылда окуп, кийин шаарда атактуу №5те билим алат. Жаш кезинде "Ленинчил жаш" гезитинде иштеп, Алыкул Осмонов, Темиркул Үмөталиев менен бирге жүргөн. Ырлары "Ленинчил жаш", "Кызыл Кыргызстан" гезиттерине жарыяланган. Кийин ошол ырларын таппай калдык. Архивге барсак кыркып кетиптир. Негизинен сакталып калган 3-4 ыры бар, калгандары табылбады. Көп эле жазыптыр. Атам ар тармактан кабары бар, билимдүү киши болгондуктан ошол кезде эле жалгыз уулун, байкемди окутат. Кыздары да жок. Мен согуштан кийин төрөлгөм. Биз Тоңдун тескейинен чыккан Алыбек баатырдын урпактарынан болобуз. Жакында эле Бостери баатырдын 400 жылдыгы белгиленди. Бабабыз Алыбек баатыр анын чөбөрөсү болот. Биздин туугандар Көлдүн 3-4 айылын жердешкен. Атам мурункуча айтканда актив болуп жүрсө керек, кийин 1940-жылы репрессияланып камалып келген. Аны изилдеп жүрүп, мындан 10 жыл мурун Кой-Таштан маалымат таптым. Элдин айтымында, 1944-жылы келиптир. "Ит бактым, тери заводунда иштедим" деп айтып калчу. Атам мен 10го чыкканда кайтыш болуп калды.— Атаңыз 1944-жылы келгенден кийин анан сизди көргөн экен да...С.О.: — Ооба, мен 1948-жылы төрөлгөм. Түрмөдөн келгенден кийин жалгыз баласынын согуштан кайтыш болгонун угуп, катуу стресс алат. Ары-бери эле басып калган дешет. Анан согуштун айынан улам энеме үйлөнүптүр. Элдин баары "үйлөн, балалуу бол" деп атама аталаш инисинин аялын алып беришкен. Апамдын күйөөсү да согушта каза болуп, жесир калат. Мага чейин бир кыз, бир уулу бар экен. Анан мен төрөлүп жатпаймбы. Атам арабча, латынча, кийин кириллица менен да жазып үйрөнгөн. Өлөрүнө жакын гидротехник болуп иштеди. Жаш эле кетип калды.— Агаңыз Асылкерим Осмонов атасы репрессияда жүргөндө каза болуптур да?С.О.: — Ооба, агам согушка 1941-жылы кетип, 1943-жылы 25 жашында каза болду. Демек, уулу каза болгондон бир жылдан кийин атам айылына келип жатат. Айылдан кара кагаз келгенин угуп, күйүткө түшүп кеткен экен.— Темиркул Үмөталиев жазган үч баатырдын бири Асылкерим Осмоновду изилдөөгө кандайча аралашып калдыңыз?Нурлан Кыдыршаев: — Мен жаш кезимден эле тарыхка кызыгам. Мектепте мугалим болуп жүргөндө "Үч баатырды" балдарга окуттум. Карасам үчөө тең Кыргызстандын үч бурчунан чыккан абдан билимдүү балдар болушуптур. Ал эми Темиркул Үмөталиев өзү балдар үйүндө тарбияланган. Орусчаны жакшы билген, интеллигенция өкүлү катары Сталиндин ошол кездеги буйругуна ылайык согушка барбай, штабда турган. Үч жоокердин эрдигин баалап, баатырдык наамды алсын деген тилекте поэма жазды. Бирок Кубат Жуматаевдин эле эрдиги бааланды. Ушул үчөөнөн жалгыз Апсамат Аширбаев гана тирүү келген. Сагын байке менен (С.Осмонов – ред.) Кыргызстандагы архивдерди чогуу кыдырдык.Рейхстагга (Берлиндеги тарыхый имарат — ред.) кыргыздар да туу сайган. Баатырларыбызды азыр бааласак деле кеч эмес. "Жаш гвардияны" уюштурган Виктор Третьяков немеутерге колго түшүп калса да совет өлкөсүн сатпайт. Ошону менен гвардиянын тогуз мүчөсү тең баатыр болуп сыйланган. Казактар да өз жоокерлерин даңазалап жатышат.— Асылкерим Осмонов кандайча каза болот?Н.К.: — Асылкерим Осмонов абдан кыйын киши болгон экен. Фронтто чалгынчы болуп иштеп, бир топ маалыматтарды алып келген. Согушта азыркы Чеченстандын аймагында каза болгон. Атайын тапшырма менен чалгындан келе жатып немецтердин курчоосунда калат. Советтер Союзу мина койгон талаадан колго түшүп, анан кайсы жерде мина бар экенин жакшы билгендиктен колун көтөрүп туруп, буту менен акырын бир жерди басып жардырып, бир топ кишини өзү менен кошо ала кеткен экен. Маалымат боюнча, ондогон фашистти жок кылганы айтылат. Азыр Чеченстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ошол жерде каза болгон жоокерлерине арналган "бир туугандык күмбөздө" Асылкерим Осмоновдун аты да тактага жазылган экен. Казактар, орустар ошол кезде курман болуп, бирок эмгеги бааланбай калган жоокерлерине эмдигиче баатырдыкты берип жатышат. Негизи Асылкерим Осмоновго, Апсамат Аширбаевге да баатырдыкты берүү керек. Кубат Жуматаевдин сөөгүн жөрмөлөп барып немецтердин арасынан капка салып алып келген Насыкул Жапаркуловду баалаш керек. Изилдеп жүрүп Тоңго барсам Асылкерим Осмоновдун атында көчө да жок экен. Булардын атасы да убагында чалгынчы болуптур. Туруп-туруп эле айлап жоголуп кетчү дешет. Асылкерим Осмоновду да согушта чалгынга алганы жөн жерден эмес да.— Сиз ошол агаңыз эрдик менен каза болгон Чеченстандын аймагына, "бир туугандык күмбөзгө" бара алдыңызбы?С.О.: — Быйыл бара албай калдым. Эмдиги жылы жазга жуук барабыз, буюрса. Коргоо министрлигине чейин барып, маалымат издеп изилдедик. Кыргызстандагы аскер комиссариаттарынын баарын кыдырдык. Жыйылып жаткан папка көп. Арасында сыясы өчүп баратканы да бар. Маалымат табуу кыйын. Эми азыр "технологиянын заманы, санариптештирүү" деп жатабыз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин маалыматын электрондоштуруп, базага киргизиш керек.— Сөөгү коюлган жер табылдыбы?С.О.: — Ооба, табылды. Красноярск крайынын Абин районундагы Хутор айылында көмүлгөн экен.Н.К.: — Мен изилдеп жүрүп "үч баатырдын" туугандары менен жакындан таанышсам, баары эр жүрөк, билимдүү адамдар экен. Генетика, тукумдан деле болот окшойт. Улуу Ата Мекендик согушка карата бул адамдарга баатырдык наам берилиши керек. Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата мамлекет башчысына да кайрылабыз.
https://sputnik.kg/20240901/apsamat-ashirbaevdin-ehrdigi-1088319392.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/03/1076743893_116:0:2845:2047_1920x0_80_0_0_c7e1c873285352d45353371255c9200a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
кыргызстан, маек, "атадан калган туяк", улуу ата мекендик согуш, аскер, баатыр
кыргызстан, маек, "атадан калган туяк", улуу ата мекендик согуш, аскер, баатыр
Улуу Ата Мекендик согуштагы чалгынчы. Эрдиги көз жаздымда калган Асылкерим Осмонов
19:51 08.09.2024 (Жаңыртылды: 10:04 09.09.2024) Улуу Ата Мекендик согушка кырчындай кезинде барып эрдик көрсөткөн кыргыз уулдарынын аты өчүп калбашы керек. Асылкерим Осмоновдун аты Темиркул Үмөталиевдин "Үч баатыр" чыгармасында гана сакталып, тарыхый баасын албай жатканы өкүнүчтүү.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында мейманда Асылкерим Осмоновдун бир тууган иниси Сагын Осмонов жана журналист, Улуу Ата Мекендик согуш баатырларын изилдөөчү Нурлан Кыдыршаев болду.
Темиркул Үмөталиевдин "Үч баатыр" поэмасындагы бир каарман — Асылкерим Осмонов. Чыгармада Кубат Жуматаев, Асылкерим Осмонов жана Апсамат Аширбаевдин эрдиги, согуштагы күндөрү баяндалат. Осмонов согушка 22 жашында кетип, азыркы Чеченстандын аймагында чалгынчылык кылган.
— Алгач Асылкерим Осмоновдун бала чагы, ата-теги тууралуу айтсаңыз?
Сагын Осмонов: — Байкем 1918-жылы Тоң районунун Ак-Терек айылында туулат. Атабыз өзү кичинесинен эле кат-сабаты жоюлган киши экен, 7-класска чейин айылда окуп, кийин шаарда атактуу №5те билим алат. Жаш кезинде "Ленинчил жаш" гезитинде иштеп, Алыкул Осмонов, Темиркул Үмөталиев менен бирге жүргөн. Ырлары "Ленинчил жаш", "Кызыл Кыргызстан" гезиттерине жарыяланган. Кийин ошол ырларын таппай калдык. Архивге барсак кыркып кетиптир. Негизинен сакталып калган 3-4 ыры бар, калгандары табылбады. Көп эле жазыптыр. Атам ар тармактан кабары бар, билимдүү киши болгондуктан ошол кезде эле жалгыз уулун, байкемди окутат. Кыздары да жок. Мен согуштан кийин төрөлгөм. Биз Тоңдун тескейинен чыккан Алыбек баатырдын урпактарынан болобуз. Жакында эле Бостери баатырдын 400 жылдыгы белгиленди. Бабабыз Алыбек баатыр анын чөбөрөсү болот. Биздин туугандар Көлдүн 3-4 айылын жердешкен. Атам мурункуча айтканда актив болуп жүрсө керек, кийин 1940-жылы репрессияланып камалып келген. Аны изилдеп жүрүп, мындан 10 жыл мурун Кой-Таштан маалымат таптым. Элдин айтымында, 1944-жылы келиптир. "Ит бактым, тери заводунда иштедим" деп айтып калчу. Атам мен 10го чыкканда кайтыш болуп калды.
— Атаңыз 1944-жылы келгенден кийин анан сизди көргөн экен да...
С.О.: — Ооба, мен 1948-жылы төрөлгөм. Түрмөдөн келгенден кийин жалгыз баласынын согуштан кайтыш болгонун угуп, катуу стресс алат. Ары-бери эле басып калган дешет. Анан согуштун айынан улам энеме үйлөнүптүр. Элдин баары "үйлөн, балалуу бол" деп атама аталаш инисинин аялын алып беришкен. Апамдын күйөөсү да согушта каза болуп, жесир калат. Мага чейин бир кыз, бир уулу бар экен. Анан мен төрөлүп жатпаймбы. Атам арабча, латынча, кийин кириллица менен да жазып үйрөнгөн. Өлөрүнө жакын гидротехник болуп иштеди. Жаш эле кетип калды.
— Агаңыз Асылкерим Осмонов атасы репрессияда жүргөндө каза болуптур да?
С.О.: — Ооба, агам согушка 1941-жылы кетип, 1943-жылы 25 жашында каза болду. Демек, уулу каза болгондон бир жылдан кийин атам айылына келип жатат. Айылдан кара кагаз келгенин угуп, күйүткө түшүп кеткен экен.
— Темиркул Үмөталиев жазган үч баатырдын бири Асылкерим Осмоновду изилдөөгө кандайча аралашып калдыңыз?
Нурлан Кыдыршаев: — Мен жаш кезимден эле тарыхка кызыгам. Мектепте мугалим болуп жүргөндө "Үч баатырды" балдарга окуттум. Карасам үчөө тең Кыргызстандын үч бурчунан чыккан абдан билимдүү балдар болушуптур. Ал эми Темиркул Үмөталиев өзү балдар үйүндө тарбияланган. Орусчаны жакшы билген, интеллигенция өкүлү катары Сталиндин ошол кездеги буйругуна ылайык согушка барбай, штабда турган. Үч жоокердин эрдигин баалап, баатырдык наамды алсын деген тилекте поэма жазды. Бирок Кубат Жуматаевдин эле эрдиги бааланды. Ушул үчөөнөн жалгыз Апсамат Аширбаев гана тирүү келген. Сагын байке менен (С.Осмонов – ред.) Кыргызстандагы архивдерди чогуу кыдырдык.
Рейхстагга (Берлиндеги тарыхый имарат — ред.) кыргыздар да туу сайган. Баатырларыбызды азыр бааласак деле кеч эмес. "Жаш гвардияны" уюштурган Виктор Третьяков немеутерге колго түшүп калса да совет өлкөсүн сатпайт. Ошону менен гвардиянын тогуз мүчөсү тең баатыр болуп сыйланган. Казактар да өз жоокерлерин даңазалап жатышат.
— Асылкерим Осмонов кандайча каза болот?
Н.К.: — Асылкерим Осмонов абдан кыйын киши болгон экен. Фронтто чалгынчы болуп иштеп, бир топ маалыматтарды алып келген. Согушта азыркы Чеченстандын аймагында каза болгон. Атайын тапшырма менен чалгындан келе жатып немецтердин курчоосунда калат. Советтер Союзу мина койгон талаадан колго түшүп, анан кайсы жерде мина бар экенин жакшы билгендиктен колун көтөрүп туруп, буту менен акырын бир жерди басып жардырып, бир топ кишини өзү менен кошо ала кеткен экен. Маалымат боюнча, ондогон фашистти жок кылганы айтылат. Азыр Чеченстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ошол жерде каза болгон жоокерлерине арналган "бир туугандык күмбөздө" Асылкерим Осмоновдун аты да тактага жазылган экен. Казактар, орустар ошол кезде курман болуп, бирок эмгеги бааланбай калган жоокерлерине эмдигиче баатырдыкты берип жатышат. Негизи Асылкерим Осмоновго, Апсамат Аширбаевге да баатырдыкты берүү керек. Кубат Жуматаевдин сөөгүн жөрмөлөп барып немецтердин арасынан капка салып алып келген Насыкул Жапаркуловду баалаш керек. Изилдеп жүрүп Тоңго барсам Асылкерим Осмоновдун атында көчө да жок экен. Булардын атасы да убагында чалгынчы болуптур. Туруп-туруп эле айлап жоголуп кетчү дешет. Асылкерим Осмоновду да согушта чалгынга алганы жөн жерден эмес да.
— Сиз ошол агаңыз эрдик менен каза болгон Чеченстандын аймагына, "бир туугандык күмбөзгө" бара алдыңызбы?
С.О.: — Быйыл бара албай калдым. Эмдиги жылы жазга жуук барабыз, буюрса. Коргоо министрлигине чейин барып, маалымат издеп изилдедик. Кыргызстандагы аскер комиссариаттарынын баарын кыдырдык. Жыйылып жаткан папка көп. Арасында сыясы өчүп баратканы да бар. Маалымат табуу кыйын. Эми азыр "технологиянын заманы, санариптештирүү" деп жатабыз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин маалыматын электрондоштуруп, базага киргизиш керек.
— Сөөгү коюлган жер табылдыбы?
С.О.: — Ооба, табылды. Красноярск крайынын Абин районундагы Хутор айылында көмүлгөн экен.
Н.К.: — Мен изилдеп жүрүп "үч баатырдын" туугандары менен жакындан таанышсам, баары эр жүрөк, билимдүү адамдар экен. Генетика, тукумдан деле болот окшойт. Улуу Ата Мекендик согушка карата бул адамдарга баатырдык наам берилиши керек. Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата мамлекет башчысына да кайрылабыз.