00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жогорку Кеңеш Абсаттар Сыргабаевди транспорт жана коммуникациялар министри, Медер Машиевди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди. Президент Садыр Жапаров Абсаттар Сыргабаевди 11-июлда, Медер Машиевди 2-сентябрда министрдин милдетин аткаруучу катары дайындап, макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизген. Жыйында президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов депутаттарды талапкерлер менен тааныштырды. Натыйжада эл өкүлдөрү экөөнө тең макулдук беришти.
Бишкекте эртеңден тарта “Кыргызалтындын” алтын куймалары сатылган дүкөн иштей баштайт Президенттин администрациясы кабарлагандай, жарандар дүкөндөн алтын куймаларды ар кыл өлчөмдө ала алат. Алтын куймаларды эркин сатыкка чыгаруу тапшырмасын президент Садыр Жапаров берген. Дүкөн Абдымомунов, 195 дарегинде жайгашкан.
Миң-Кушта уран калдыгын ташып бараткан автоунаа кырсыкка кабылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык 2-сентябрь күнү Миң-Куш айылында Туюк-Суу — Миң-Куш — Арал автожолунун 2-чакырымында болгон. "Туюк-Суу уран калдыгын сактоочу жайынан радиоактивдүү калдыкты ташып келаткан HOWO үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеткен. Жерине Жумгал райондук ӨКБден ыкчам топ, ИИМ кызматкерлери тартылган. Ал эми автоунаа токтогон жерде текшерүү жүргүзүлүп, калдыктар жерге төгүлбөгөндүгү жана эч кандай зыяндуулук жок экени аныкталган", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле калдыктар башка унаага жүктөлүп кеткени, кырсыктын себеби такталып жатканы кошумчаланды.
Өлкөдө 7-8-сентябрда күн кескин сууктап, үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Маалыматка ылайык, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк жеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Ош, Баткен жана Нарындын айрым жерлери жаан-чачындуу болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет. 8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт.
Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол мамлекеттик катчы Энтони Блинкенди АКШ аскерлеринин Афганстандан чыгарылып кетиши боюнча көрсөтмө берүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме кылып жазды. Телеканал Блинкен мурдараак комитеттин алдына баруудан баш тартканын кошумчалаган. Блинкен 19-сентябрда комитетке барышы керек, болбосо мыйзамчылар аны Конгрессти сыйлабайт деп күнөөлөшү мүмкүн. Мамлекеттик департаменттен Блинкендин башка иштери болгондуктан аталган күн ылайыксыз болорун айтышып, башка учурду сунушташкан. 2021-жылдын 31-августунда америкалык аскерлер Кабул аба майданынан чыгып кеткен. Бул АКШнын Афганстанда болгон 20 жылдык тарыхын жыйынтыктаган. Ошол эле жылдын сентябрында Афганстандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0