00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
50 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
ЕАЭБдин 190 өндүрүүчүсү товар сатып алууга катышууга укук алышты3-сентябрдан тарта жумуртка импортуна киргизилген чектөө алынатБШК Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандаттан ажыратты алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Кара-Балтадагы токтоп турган "Жунда" заводун ишке киргизип, аны модернизациялоого капсула салды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Ачылыш аземинде президентке өндүрүш ишин кайра баштаган "Чайна Петроль Компани "Жунда" ЖЧКсынын мунай иштетүүчү заводунун абалы тууралуу маалымат берилди. "Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында ишкана капиталдык оңдоодон өтүп, марттын аягында ийгиликтүү ишке киргизилди. Жыл соңуна чейин завод толук кубаттуулукта иштей баштайт, бул жылына 800 миң тонна чийки затты түзөт. Ошол эле учурда 400гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт", — деп айтылат маалыматта. Садыр Жапаров өлкөнүн жаңы экономикалык саясаты өндүрүштөрдү ачууга багытталарын белгилеген.
Борбордук шайлоо комиссиясы Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыратты. Жогорку Кеңештеги "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери депутаттык мандатын тапшыруу боюнча БШКга арызды бүгүн жазган. Боршайком анын арызын канааттандырды. Эскерте кетсек, буга чейин Кадырбеков УКМКга сурак берип чыккан болчу. Ал "Ыйман" фонду боюнча күбө катары көрсөтмө бергенин билдирген.
Мүлк салыгын төлөө мөөнөтү аяктап баратканына байланыштуу салык кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Салыкчылар 30-августта саат 21:00гө чейин, ал эми 31-августта 18:00гө чейин кызматта болушат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн башчысы Эрмек Мааткасымов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын суммасына 0,09 пайыз өлчөмүндө туум кошулат.Өлкөдө мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт.
ЕАЭБде товардын 22 миң түрүн сатып алууга катышуу укугун биримдиктин 190 өндүрүүчүсү алды. Бул тууралуу ЕЭКтин атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар саясаты департаментинин директорунун орун басары Павел Жуковский билдирди. Ал белгилегендей, Евразия биримдигине кирген өлкөлөрдөн келген товарлар артыкчылыктуу бойдон калууда. Мындан тышкары, өткөн жылы ЕАЭБ өлкөлөрү мамлекеттик сатып алуулар боюнча банктык кепилдиктерди өз ара таануу келишимине кол коюшкан. "Бул жалпы мамлекеттик сатып алуулар рыногун куруудагы дагы бир тепкич", — деди Жуковский.
3-сентябрдан тартып тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген убактылуу чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ушул жылдын 5-июнунан тартып өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын импорттоого тыюу салынган. Бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана өлкөнү азык-түлүк жумурткалары менен камсыз кылууга багытталган. Убактылуу чектөө киргизилгенден кийин ата мекендик канаттуулар ишканалары тарабынан тоок жумурткаларын өндүрүү көбөйтүлгөн жана импорттук продукция менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулаган. Маалыматта айтылгандай, «Канаттуулар» ассоциациясынын кайрылуусунун негизинде ушул жылдын 3-сентябрынан тартып Кыргызстандын аймагына жумуртка алып кирүүгө киргизилген убактылуу чөктөөлөрдү алып салуу демилгеленди. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 10 тыйынга 1 евро 94 сом 81 тыйынга 1 рубль 93 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабарМУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 68 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 73 сом 90 тыйындан тарта, 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 36 сом 20 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 31-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 31-август, ишембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33 градуска көтөрүлөт. Күндүн табы борбор калаада +29...+31, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +27...+29 градус жылуу болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0