00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Гипотония: что делать при низком давлении? Советы невролога
14:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Язык, культура и образование: как работает Евразийский центр в Бишкеке
16:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Снять будущую пенсию: кому нужно и когда разрешат
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Как изменилась экономика Кыргызстана за последние пять лет?
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Оторбаева: өздүк гигиенаны сактоо маймыл чечегинен коргойт

© Sputnik / Арууке АмирдиноваСанэпидкөзөмөл департаментинин инфекциялык, мите ооруларын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева
Санэпидкөзөмөл департаментинин инфекциялык, мите ооруларын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2024
Жазылуу
Санэпидкөзөмөл департаментинин инфекциялык, мите ооруларын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева маймыл чечегинин оор өтүүчү 1Б түрү пайда болгонун айтты.
Маймыл чечеги соңку жылдары кайрадан күч алууда. Ушул тапта өлкөлөр боюнча аталган илдетти жуктургандардын саны 18 миңден ашты. Ал эми 500дөй бейтап каза болду. Бул тууралуу Динара Оторбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Оторбаева: өздүк гигиенаны сактоо маймыл чечегинен коргойт
Анын айтымында, 2022-жылы жугуштуу илдет 80 өлкөдө катталып, 81 миңден ашык адам жуктурган.
"Маймыл чечеги – сейрек кездешүүчү жугуштуу вирустук инфекция. Бул жаңы оору эмес. Окумуштуулар биринчи жолу 1958-жылы маймылдан табышкан. Алгачкы жолу Африка өлкөсүндө 1970-жылы катталып, тогуз жаштагы бала чалдыккан. Андан бери кайсы бир мамлекеттерде маал-маалы менен катталып турат. Соңку жылдары кайрадан күч алууда. Маймыл чечеги 2022-жылы июль айында көп катталган. Жалпы 80 өлкөдө катталып, 81 миңден ашык адам ооруган. Алардын көбү Америкада (29 миң учур). 2023-жылы ооругандардын саны азайган. Быйыл кайрадан көбөйгөнү байкалууда. Маймыл чечегинин буга чейин эки түрү бар эле. Бири Түндүк Африкада, экинчиси Борбордук Африкада катталган. ДССУ ушул жылы 1Б деп аталган үчүнчү түрү пайда болгонун билдирди. Бул түрү берки эки түрүнө караганда оорураак өтөт. Ошондуктан уюм кооптуу кырдаал режимин жарыялады. Оору көбүнесе физикалык байланыш жана аба аркылуу тарайт. Илдеттин алгачкы белгилери катары дене табы жогорулап, булчуңдар ооруйт, лимфа бездери чоңоё баштайт. Эң эле өзгөчө белгиси денеде жана ооз көңдөйүндө суулуу ыйлаакчалар пайда болот. Алар кычыштырып, адамга ыңгайсыздык жаратат. Буга балдар чыдабай жатат. Ыйлаакчалар катып, кургап түшмөйүн жугуштуу боло берет", — деди дарыгер.
Оторбаева Кыргызстанда аталган илдетти текшере турган тест-система бардыгын, дарыгерлер окуудан өткөндүгүн кошумчалады.
"Өлкөдө аталган илдеттин бар-жогун текшере турган тест-система бар. 2022-жылы бул оору күчөгөн маалда биз ДССУга кайрылып, алардан тест-система сатып алганбыз. Лабораториядагы дарыгерлер ошондо эле окуудан өтүшкөн. Аны сынап да көрүшкөн. Аэропортто, жер-жерлерде санитардык көзөмөл пунктулары бар. Анда биздин эпидемиологдор иштейт. Бөлөк өлкөдөн келгендерди сөзсүз көзөмөлдөн өткөрүшөт. Симптомдор аныкталса дароо өзүнчө изоляция кылып, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына алып барат да, диагнозун тактаганга чейин ошол жакта кармашат. Маймыл чечеги менен ооругандар дарыланса айыгат. COVID-19 сыяктуу өтө коркунучтуу эмес. Жеке гигиена сакталса эле маймыл чечеги жукпайт", — деди Оторбаева.
Ал маймыл чечеги менен ооругандарды дарыгерге убагында кайрылып, убагында дарыланууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0