00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
15:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Будь в курсе
Сохранить историю через археологию. О реализации программы раскопок «Тайны древней истории»
16:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Манасчыларды, төкмө акындарды, Улуу Ата мекендик согуш баатырларын даңазалаган. Үмөталиевди эскерүү
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Мусорят сами же альпинисты» — волонтеры о походе для очистки от мусора пиков Ленина и Хан-Тенгри
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
Эмне үчүн тасма “Эркекче жана аялча”?
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Киноблог
Мировые кинофестивали: тренды и темы года
20:06
35 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
23:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Республика боюнча таза сууга жетпеген 1 071 айыл бар

© Sputnik / Арууке АмирдиноваРуководитель государственного предприятия "Развитие питьевого водоснабжения и водоотведения" Азамат Шадманов
Руководитель государственного предприятия Развитие питьевого водоснабжения и водоотведения Азамат Шадманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2024
Жазылуу
"Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Шадманов Жалал-Абад облусунда калктуу конуштун 74 пайызы таза сууга муктаж экенин айтты.
Республика боюнча 1 996 калктуу конуштун 1 071 (47 пайыз) айылы ичүүчү сууга жетпей келет. Анын ичинен 260ында (19 пайыз) таза суу системаларынын курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Азамат Шадманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Республика боюнча таза сууга жетпеген 1 071 айыл бар
Анын айтымында, мекеме Кыргызстандын бүт аймагына толук таза суу жеткириш үчүн каржы бөлчү тараптар менен макулдашууларды жүргүзүүдө.
"Өлкө боюнча аймактардын 41 пайызы таза суу менен камсыз болгон. Алсак, Чүйдө калктуу конуштардын 42 пайызында, Талас облусунда 54, Ош жергесинде 50, Жалал-Абадда 21, Баткенде 26 пайызында, ошондой эле Ысык-Көлдө 51, Нарында 61 пайызында ичүүчү суу чыгарылган. Учурда айрым жерлерде таза суу системаларын куруу иштери жүргүзүлүүдө. Мындан Чүй менен Жалал-Абадда акыбал оор. Жалал-Абад облусунун 74 пайызында таза суу киргизилген эмес. Мекеме элди таза суу менен камсыз кылуу максатында каржы бөлчү тараптар менен макулдашууларды жүргүзүүдө. Анын негизинде Дүйнөлүк банк 150 миллион доллар бөлүп бергени турат. Мындан тышкары, жакында 4 миллион доллар гранттык каражат алдык. Аны даярдык иштерине сарптоо пландалууда. Ошондой эле Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен 60 миллион сомго каржылоо боюнча макулдашып жатабыз. Корея Республикасы менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мында кореялыктардын технологиялык ыкмалары менен түштүк жактагы айылдарга Нарын дарыясынан суу тартылышы ыктымал. Таза суу чыгаруу, системаларын куруу кымбат. Макулдашуулар ийгиликтүү болсо долбоордун биринчи чейрегинде калктын санына карап сууга зар аймактарда иш жүргүзөбүз. Андан кийин реабилитациядан өтүүчү аймактар кирет. Ушул тапта суунун сапатына өзгөчө көңүл бурулууда. Тиешелүү экспертизадан өтүп, алынуучу жабдуулар сапаттуу болсун деген тапшырмалар коюлган", — деди Шадманов.
Ал 2030-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактарындагы калктуу конуштар ичүүчү суу менен камсыздаларын кошумчалап, элди сууну үнөмдөөгө чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0