00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Хирургиянын малоинвазивдик методдор
15:05
43 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстандын азык-түлүк индустриясын ирилештирип, ЕАЭБ рыногун ээлөө мүмкүнчүлүгү жогору
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
В Кыргызстане хотят запретить ряд опасных пестицидов: какие альтернативы есть у фермеров?
18:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Коомдогу жан дүйнө кемтиги эмнеден улам пайда болот?
19:07
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
По следам истории
Исторические связи кыргызов и калмыков в эпосе “Манас”
20:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстан Казакстан менен Россияга мөмө-жемиш экспортун көбөйттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 1-январдан 15-августка чейин аталган өлкөлөргө 4 миң 616 тонна кулпунай экспорттолгон. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көп. Ошондой эле 1 миң 470 тонна кожогат экспорттолгон бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36 пайызга көп.
Баткенде 54 жаштагы майып кызы менен ар кайсы үйдө баш калкалап жүргөн 90 жаштагы эне үйлүү болду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, эки ай мурда үйдүн курулушун Баткен облусунун жетекчилери колго алган. "90 жаштагы Ташбүбү Абилова 54 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызы Тажигүл Абилова менен туруктуу жашаган жайы жок, айылдагы бош үйлөрдө баш калкалап келген. Эненин жашоо шарты тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда жарыяланып, жергиликтүү бийликке да маалым болгон", — деп айтылат кабарда. Үй куруу үчүн Алты-Адыр айылынан 10 сотых жер тилке бөлүнүп, облустагы мекеме жетекчилеринин колдоосу менен үч бөлмөлүү бардык шарты бар үй курулган. Ошондой эле үйгө турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар алынган.
Нарын шаарында беш электробус каттамга чыга баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы кабарлады. Эми калаанын РТС чөлкөмүнө үч, Москва аймагына эки жаңы транспорт жүргүнчүлөрдү 10 сомдон ташымакчы. "Нарын шаарынын элин коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд аркылуу жети жылга 4-8 пайыз бюджеттик насыя менен алынды. Ал 66 миллион сомго турду, мунун ичинде дүрмөттөй турган каражаттары да бар", — деп айтылат маалыматта. Электробустар 36 орундуу, кондиционери, пандусу бар экени кошумчаланды.
Мамлекеттик курулуш агенттиги Чүй облусуна курула турган парктын эскиздерин жарыялады. Маалыматта эс алуу багы Жайыл районуна караштуу Ийри-Суу айыл аймагына салынары айтылган. Парктын жалпы аянты 1 гектар 53 сотых аянтты түзөт. Долбоор өз алдынча башкаруу органдарына сунушталган. Эскиздерден айлана формасындагы жана аны кесип өткөн таш тамандар тизилген өзгөчө жолдорду көрүүгө болот. Ошондой эле спорттук оюндар үчүн талаалар жана эс алуу аянтчалары камтылган.
АКШ Украина Куралдуу күчтөрүнүн аракеттеринен улам украин чыры күчөп кетиши мүмкүн деп тынчсызданууда. Бул тууралуу Пентагондун расмий өкүлүнүн орун басары Сабрина Сингх брифинг учурунда билдиргенин РИА Новости жазды. "Албетте, эскалацияга тынчсызданып жатабыз. Россия кайсы бир нерсеге жооп кайтарбаса колунан келбейт деп түшүнбөш керек", — деди ал. Сингх Украина Куралдуу күчтөрүнүн аракетине Москва тараптан болчу реакция тууралуу суроого жооп берген. Ал америкалык администрация кырдаалдын курчуп кетүү тобокелдигин дайым эске аларын айтып, буга карабай Киевге колдоосун уланта берерин белгиледи. Ал эми украин армиясынын Курск облусуна болгон кол салуусуна комментарий берип ж
Жаңылыктар түрмөгү
0