Сооронбаев: кыргыз медицинасы дүйнөлүк илимий тутумга кириши керек
"Биринчиден, бул кластер лидерлердин мектеби болуп берет. Азыр жаңы багытта даярдалган заманбап кадрларга муктажбыз. Учурда кадр маселеси өтө орчундуу. Экинчиден, жогорку сапаттагы, эл аралык стандарттарга туура келген илимий иштерди жасоо керек. Дарылоо ишинде илимий далилге таянуу кажет. Медицинада бир-эки адамдын пикиринин негизинде гана чечим кабыл алуу талапка туура келбейт. Сөзсүз ар бир ыкма далил менен болушу кажет. Реформа жасай турган болсок да илимий фактылардын негизинде жасалганы шарт. Алдыңкы илимий медициналык кластер — бул жогорку деңгээлдеги, эл аралык стандарттарга туура келген алдыңкы илимий ыкмаларды аткаруу. Муну менен дүйнөлүк тутумга кирип, ушул деңгээлге чыгышыбыз зарыл. Жасаган илимий-практикалык иштерибиз англис тилиндеги дүйнөдөгү алдыңкы медициналык журналдарга басылып чыгышы зарыл. Жаңы чыккан заманбап жабдык, илимий ачылыштарды Кыргызстанга алып келип, дүйнөлүк медициналык тутумдун бир мүчөсүнө айлануу — заман талабы. Антпесе өнүгө албайбыз. Ошол себептен эл аралык илимий медициналык платформа түздүк. Анын негиздөөчүлөрү Россия, Франция, Швейцария, Германия, Нидерланддар жана Улуу Британиянын алдыңкы профессорлору болуп эсептелинет. Жаш врачтар, медициналык билим алып жаткан студенттер платформага катышуу менен көптөгөн жаңы тажырыйбаларды үйрөнүп, келечекке кенен карап, дүйнө таанымы өзгөрдү. Катышкандардын баары англис тилин мыкты билген жаштар", — деди Сооронбаев.