00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу кандай көзөмөлдөнүп жатат?
11:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бишкекте мыйзамсыз иш алып барган медресе аныкталып, ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май районуна караган Тоголок Молдо көчөсүндөгү мечиттин имаратында диний мекеме мыйзамсыз иштеп келген. "Муфтият курамына кирген атайын комиссия мекеменин ишин текшерип, анда 14 жаштан 18 жашка чейинки балдар окутулуп жатканын аныкташты. Медресенин тиешелүү уруксат берүүчү документтери болгон эмес, дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ошондой эле архитектуралык, курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар бузулганы аныкталган", — деп жазылат маалыматта. Учурда медресенин иши токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлгөн. Уюштуруучуларга мыйзамдын чегинде чара көрүлөрү кошумчаланды.
Кыргызстандагы G-Cloud долбоору жыл аягына чейин аяктап, мамлекеттик органдардын сервистери 2025-жылдан тарта бул электрондук сактоочу серверге өтүшү күтүлүүдө. Мындай платформанын максаты кандай экенин жана бийлик эмне үчүн аны маалымат сактоонун эң ишенимдүү жолу деп эсептей турганын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү, G-Cloud долбоорунун координатору Рустамбек Сарткалчаев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде түшүндүрдү.Анын айтымында, иштелип жаткан G-Cloud — мамлекеттик Digital-CASA долбоорунун экинчи компоненти.Ал мамлекеттик G-Cloud иштеп чыгууга Эстониядан адистер тартылып, Түштүк Кореянын тажрыйбасы колдонулганын кошумчалады."Инфраструктура жана коопсуздук маселелери "Инфоком" мамлекеттик ишканасына жүктөлөт. Объект маанилүү болгондуктан анын жайгашкан жери ачыкка чыгарылбайт. Сентябрда мамлекеттик органдардын сервистерин бул жакка көчүрүү боюнча анализ жасайбыз", — деди долбоордун координатору.
Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиаданын жарым финалында украиналык Ирина Коляденко менен беттеште жеңилип калды.Балбандар кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограмм салмакта күч сынашты. Эсеп украиналык спортчунун пайдасына 9:2 эсеби менен аяктады.Алгач кыргызстандык балбан кыз нигериялык Эстер Колаволени утуп, чейрек финалга чыккан. Андан кийинки атаандашы АКШлык Кайла Миракл болуп, анда да жеңишти камсыздаган.Эми ал коло медаль үчүн күрөшөт. Атаандаштары Криста Инце же Анна Гонзалез болушу мүмкүн.
Россиянын Белгород, Курск жана Брянск облустарына контртеррордук операция режими киргизилгенин Улуттук антитеррордук комитетке таянуу менен РИА Новости жазды. Комитет "киев режими тарабынан өлкөнүн бир катар райондорунда кырдаалды чайпоо аракети күч болуп" жатканын белгилеген. Курск облусуна жасалган чабуулдун натыйжасында жай тургундар каза таап, турак жайлар, жарандык объектилер бүлгүнгө учураганы айтылат. "Элдин коопсуздугун камсыздоо жана каршы тараптын террордук аракеттерине бөгөт коюу максатында Улуттук антитеррордук комитеттин төрагасы, Россия ФСБсынын директору Бортников Белгород, Брянск жана Курск облустарында контртеррордук операция уюштуруу чечимин кабыл алды", — деп жазылат маалыматта. Мындан тышкары, мамлекеттик органдар тарабынан коопсуздукту камсыздоо, тартипти сактоо жана объектилерди коргоого багытталган кошумча чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0