https://sputnik.kg/20240809/kyrgyzstan-sadyr-zhaparov-olimpiada-1087720100.html
Садыр Жапаров: бул Олимпиада кийинкиге кандай даярдык көрүү керектигин көрсөттү
Садыр Жапаров: бул Олимпиада кийинкиге кандай даярдык көрүү керектигин көрсөттү
Sputnik Кыргызстан
Өлкө башчы спортчуларга жакшы эле көңүл бурулуп жатканын жана колдоо дагы жакшыртыларын белгилеген. 09.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-09T12:02+0600
2024-08-09T12:02+0600
2024-08-09T12:02+0600
олимпиада оюндары — 2024
кыргызстан
садыр жапаров
олимпиада
спорт
маек
тамак-аш
жашоо
шарттар
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/13/1054655747_0:79:2835:1674_1920x0_80_0_0_43267bed0163803b52b63e4f834ca4f2.jpg
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Парижде өтүп жаткан Олимпиада кийинкилерине кандай даярдык көрүү керектигин көрсөттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип жатып билдирди.Анын айтымында, акыркы төрт жылда спортчуларга көңүл бурулган үчүн бүгүнкүдөй жыйынтыктар болуп, медалдарды алып жатышат.Ошондой эле өлкө башчы Олимпиадада кеткен кемчиликтер сабак болгонун белгилеп, кийинкисине кандай даярдык көрүү керектигин көрсөткөнүн айткан."Кийинки Олимпиадага спортчуларыбызды казан-казан эт, куржун-куржун казы-карта менен жөнөтөбүз. Азырынча кылдан кыйкым издебей, андан көрө спортчуларыбызга дем берип, колдоп туралы", — деген өлкө башчы.Жапаров спортчуларга эл аралык мелдештерге барарда акчасы өз убагында бөлүнүп берилбей, ар кимден карыз алып мелдешке кетип жүргөн күндөр болгонун эске салды. Президент мындан ары андай болбой турганын убадалады.
https://sputnik.kg/20240809/kyrgyzstan-olimpiada-kylych-sarybagyshev-1087716915.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/13/1054655747_384:0:2835:1838_1920x0_80_0_0_9182a4d42514800e3d0aaac0f4644b16.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, олимпиада, спорт, маек, тамак-аш, жашоо, шарттар
кыргызстан, садыр жапаров, олимпиада, спорт, маек, тамак-аш, жашоо, шарттар
Садыр Жапаров: бул Олимпиада кийинкиге кандай даярдык көрүү керектигин көрсөттү
Өлкө башчы спортчуларга жакшы эле көңүл бурулуп жатканын жана колдоо дагы жакшыртыларын белгилеген.
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Парижде өтүп жаткан Олимпиада кийинкилерине кандай даярдык көрүү керектигин көрсөттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы төрт жылда спортчуларга көңүл бурулган үчүн бүгүнкүдөй жыйынтыктар болуп, медалдарды алып жатышат.
"Эми ушуга да шүгүр дейли. Мурда эптеп эле катышып келсек болду деп жүргөн болсок, бул ирет эң жок дегенде үч алтын медаль алышыбыз керек деген амбициябыз пайда болду. Экинчиден, албетте, уюштуруу жагынан Олимпиадалык комитеттен кемчиликтер бар. Мисалы, диетолог менен психолог жагын да карап коюшса болмок. Ал эми тамак-аш жагын айтсак, уюштуруучулардын (Париждин) тамагы жакпаса спортчулар ар бири өздөрү үчүн кам көрүп алса деле болмок. Олимпиадага кетер алдында 15-20 күн мурда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кечек керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз. Кыскасы, баскан-тургандары кененирээк болсун дегенбиз. Парижде тамак-ашы кенен эле экен. Бирок бирине жакса, экинчисине жакпашы мүмкүн. Бири балык жегиси келсе, башкасы эт жегиси келет дегендей. Биз кыргыздар этсиз тура албайбыз да. Ошол үчүн ар бир спортчубуз өз курсагына кам көрүш керек болчу", — деген мамлекет башчы.
Ошондой эле өлкө башчы Олимпиадада кеткен кемчиликтер сабак болгонун белгилеп, кийинкисине кандай даярдык көрүү керектигин көрсөткөнүн айткан.
"Кийинки Олимпиадага спортчуларыбызды казан-казан эт, куржун-куржун казы-карта менен жөнөтөбүз. Азырынча кылдан кыйкым издебей, андан көрө спортчуларыбызга дем берип, колдоп туралы", — деген өлкө башчы.
Жапаров спортчуларга эл аралык мелдештерге барарда акчасы өз убагында бөлүнүп берилбей, ар кимден карыз алып мелдешке кетип жүргөн күндөр болгонун эске салды. Президент мындан ары андай болбой турганын убадалады.
"Жатаканаларда жашап жүргөн спортчуларыбыз бар эле. Аларга шарт түзүп, батирлерди алып, ижара акысын төлөп берип келдик. Эми кудай буюрса, өз үйлөрү болуп калат", — деди Жапаров.