00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что могут сделать омбудсмены России и Кыргызстана если нарушены ваши права
10:04
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Жаш таңдай – 2026” айтышы. Жаштардын төкмөлүк өнөргө кызыгуусу кандай деңгээлде?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
RU ID для въезда в РФ: кому и зачем нужно регистрироваться?
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Батыштан Чыгышка. Дүйнөлүк инвесторлор үчүн Борбор Азия эмнеси менен кызык?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Важен не диплом а портфолио - директор колледжа КРСУ о том как меняются правила игры
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ледники Таласской области сократились на 44% — эксперт МЧС о реальных климатических рисках
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБдин агрардык хабына айланууда: экспорт жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги "Тунгуч" аттуу онлайн-мектепти ачууну сунуштады. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда министрликтин бардык балдардын билим алуу укугун камсыз кылууга ниеттенип жатканы белгиленет. Онлайн-мектептин артыкчылыгы баланын ден соолугу боюнча абалына жана жашаган жерине карабастан билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү экени айтылды. Бийлик окутууда ар бирине жеке мамиле жасалып, изденүү менен сабактар өтүлөрүнө убада берген. Билим берүү процессин уюштуруунун тартиби атайын жободо жазылган. Окутуунун ар кандай синхрондуу жана ассинхрондук варианттары каралган.
Үстүбүздөгү жылдын 8-августунан тарта Бишкек — Нарын багыты боюнча GoBus автобустары каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан кабарлашты. Маалыматта каттамдар күн сайын аткарылары айтылат. "Автобустар Бишкектеги Ибраимов көчөсүнөн эртең менен саат 8де Нарынды көздөй, ал эми Нарындан борбор калаага саат 10до сапар алат. Жол убактысы төрт жарым саатты түзөт. Билеттин баасы — 500 сом", — деп билдирди Туризмди өнүктүрүү фонду. Мындан тышкары, туристтердин Нарын жергесине болгон кызыгуусу жылдан жылга өсүп баратканы кошумчаланган. Алар көбүнчө Борбор Азиядагы эң чоң, бийиктиги 400 метр болгон Шар шаркыратмасын, Таш-Рабат, Соң-Көл, Чатыр-Көл жана Кел-Сууну көрүүгө келишет.
Боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев аккредитациядан өткөн эмес, ошол себептен Олимпиадага бара албай калды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, буга байланыштуу жеке машыктыруучу гана эмес, улук машыктыруучу дагы Парижге бара албай калган. "Мушкер Олимпиадага лицензияны июнда алган. Ал эми машыктыруучуларды аккредитациялоо мартта эле бүткөн. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы машыктыруучу гана аккредитацияланган", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, Мунарбектин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев делегациянын курамына кирбей калганы соцтармакта кызуу талкуу жаратууда.
Европада фентанил баңгизатынын тездик менен жайылышы кара тумоонун жаңыдан таралышындай эле коркунуч туудурат. Бул тууралуу Италиядан Европа парламентинин еврокомиссиясына Паоло Инсельвини кайрылганын РИА Новости жазды. "Бул баңгизат биздин аймакта арзан сатылып, жеткиликтүү болуп жатат. "Баңгизат-зомби" деп аталып жүргөн фентанил Европада жаңы "кара тумоо" болуп калышы мүмкүн", — деп кооптонгон ал. Сельвини Европа биримдигиндеги мамлекеттерде баңгизаттарды колдонгондор көбөйүп жатканын кошумчалаган. Саясатчы мындай баңгизатты АКШ көзөмөлдөй албай калганын, эми ал Европага жармашарын айтып тынчсызданган.
Жаңылыктар түрмөгү
0