00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
2 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Париждеги Олимпиадага "эмнеге барбай калган?" деген суроо узатууда.Көпчүлүк өлкө башчыларын белгилеп, Султанбаевди Олимпиадага жөнөтүү керектигин, машыктыруучу 8-августта өтө турган жарым финалда боксчунун жанында болушу зарылдыгын жазган. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги Беганас Султанбаевдин өзү менен байланышып, жообун алды."Улуттук Олимпиада комитети ар бир спортчу менен курама команданын башкы машыктыруучусу гана бара аларын билдирген. Мен Мунарбектин жеке машыктыруучусу болгондуктан Кыргызстанда калдым. Аны башкы машыктыруучу коштоп кетти. Мунарбекти 20 жылдан бери машыктырып келем", — деди Султанбаев.Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадада атаандашы Жамал Харвини утуп, жарым финалга чыкты. Кеминде ага коло медаль даяр турат.Кыргызстандык спортчунун кийинки атаандашы болгариялык Хавьер Ибаньес Диас болот. Кезектеги таймаш 8-августта өтөт.
Эгемендүүлүк күнүн утурлай борбор калаада биринчи акысыз концерт өттү, эми ал 30-августка чейин уланат. Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына да арналганын Бишкек мэриясы маалымдады.Музыкалык кече Токтогул Сатылгановдун эстелигинин алдында өтүп турат.Кечээки концертте мэриянын чоң симфониялык оркестри шаар тургундарына классикалык музыканын белгилүү чыгармаларын аткарышкан."Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер" долбоору 30-августка чейин уланат", — деп айтылат маалыматта. Мэрия шаардын тургундары менен конокторун жандуу музыкадан ырахат алып кетүүгө чакырды.
Дубай аэропортундагы бажы төлөмү жок duty free дүкөндөрү төлөм үчүн рублди накталай кабыл ала баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Маалыматка ылайык, соода дирхамдын курсу боюнча жүрүп, 1-августтан баштап киргизилген.Белгиленгендей, азырынча бардык жерде шарт түзүлө электигинен улам суроо-талаптын көп же аз экенин айтуу кыйын. Келечекте бардык duty free дүкөндөрдө рубль менен соода кылууга мүмкүндүк түзүлөрү белгиленди. Ошондой эле РИА Новостинин кабарчысы азырынча товарларга баа белгилери рубль менен көрсөтүлө электигин кошумчалады.Россиянын Борбордук банкынын 4-августка карата маалыматы боюнча, БАЭ дирхамынын курсу 23,34 рублди түзөт.
Эл аралык мыйзамдарды аттап өтүп кабыл алынган жарандык авиациялардын учушуна тыюу салуу адам укуктарын бузат жана айлана-чөйрөнү коргоону татаалдаштырат. Мындай пикирин РИА Новости агенттигине курган маегинде БУУнун адам укуктарын коргоодо бир тараптуу мажбурланган чаралардын терс таасири боюнча баяндамачысы Елена Довгань билдирген. 2022-жылы Европа биримдиги өзүнүн аба мейкиндигин Россиянын авиакомпанияларына жапкан. "Эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү эл аралык нормаларды сактабаган авиациялык тыюулар адамдардын эркин учушу боюнча укугун бузат. Мындай чектөөлөр өлкөдөн өлкө кыдырып жүргөн адамдардын, саякатчылардын башка мамлекетке жетишин кыйындатат. Ал эле эмес, учуу сааты бир кыйла узаргандыгына байланыштуу айлана-чөйрөгө да зыян көбөйөт", – деген ал. Довгань чет өлкөлөрдө санкцияга кабылган компаниялардын самолетторун оңдоодон, аларга учактарды ижарага берүүдөн баш тартуулар, кошумча тетиктерди да сатпай жаткандыктары коопсуздук стандарттарын бузарын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0