00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
6 мин
Между строк
Ностальгия по детству в повести Гафура Гуляма "Озорник"
18:06
45 мин
On air
18:51
8 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:05
47 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жакыпов: эстетикалык билим берген мугалимдерге көңүл бурулбай жатат

© Sputnik / Кенжебай СатканалиевБүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кубатбек Жакыпов
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кубатбек Жакыпов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2024
Жазылуу
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кубатбек Жакыпов өлкөдө эстетикалык циклдеги сабактарга экинчи сорттогудай мамиле жасаларын айтты.
Биздин билим берүү системасында табигый илимдерге көп көңүл бурулат. Бул, албетте, жакшы. Бирок ошону менен катар эле адамды адам кылган эстетикалык сабактар көз жаздымда калууда. Биз аталган маселе боюнча тиешелүү мининстрликтерге, Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин кайрылдык. Майнап чыккан жок. Бул тууралуу Кубатбек Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жакыпов: эстетикалык билим берген мугалимдерге көңүл бурулбай жатат
Анын айтымында, билим берүү тармагына демөөрчүлүк кылып жаткан ар кайсы тараптарды да кыргызстандык жаштардын музыка, искусство жаатында өнүгүүсү кызыктырбайт.
"Билим берүү тармагына четтен келген каражаттар көбүнесе "булар санаганды билсе болду" деген сыяктуу долбоорлорго бөлүнөт. Ал эми кыргыздын улуттук маданияты, адабияты, тарыхы колго алынып, аны жаштардын окуп, билүүсүн камсыздоо биздин өзүбүздүн мойнубузда калат. Бирок мектептердеги музыка, сүрөт сабактарына кайдыгер мамиле жасалып келет. Сааттары кыскарып кетти. Албетте, мындай учурда аз саат менен иштеген педагог табуу кыйынга турат, өзгөчө жаштарды бул багытка тартуу оорлошот. Мектепке кирип иштеп баштаса да көпкө турбай, сабагын таштап кетип калышат. Ошентип балдардын билим алуусу үзгүлтүккө учурайт. Мындай абал айрым мектеп директорлоруна жагат. Өз тааныштарына бөлүп берип коет. Ал эми өнүккөн мамлекеттерде, тескерисинче, ушул предметтерге көп көңүл бурулат. Мисалы, Японияда улуттук аспапта ойной албаса кызматка албайт экен. Мектептен балдары нотаны билип чыгышат. Учурда бизде мектептерде музыка мугалими бар болсо 1-класстан баштап берилсин деген талап бар. Ага карабай эле кээ бир мектептерде 1-4-класска чейин музыканы да башталгыч класста билим берген мугалимге ыйгарып коюшат да, балдар 5-класска барганда гана музыкалык билимди кайра башынан окуй баштайт", — деди Жакыпов.
Педагог мындай кадамдар башталгыч класстардын мугалимдеринин сааты толбой калып айлык, маянанын аз чыгып калышын болтурбоо максатында жасалып жатканын белгиледи.
"Эгер ошол мектепте музыка мугалими бар болуп, бардык музыка сабактары ага өтүп кеткен учурда башталгыч класстардын мугалимдери ошол сааттары жок деле толук ставка катары эсептелсе, мындай көйгөй болмок эмес. Муну сөзсүз эле президент же өкмөт башчы эмес, мыйзамга бир пункт киргизүү менен тиешелүү министрликтер чечип кое алышат",— деди ал.
Ал орто билим берүү мектептеринде сүрөт предметине дагы ушундай эле кайдыгер көрүнүш жасаларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0