00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:56
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
Эмне үчүн тасма “Эркекче жана аялча”?
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Киноблог
Мировые кинофестивали: тренды и темы года
20:11
35 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
23:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Эфирде жаңылыктар. Студияда Кенжебай Сатканалиев. Саламатсыздарбы! Алгач кыскача анонс:
Милициянын коргоо ордерлерин алгандар көбөйдү Россияда стратегиялык эмес өзөктүк күчтөрдүн машыгуусунун үчүнчү этабы башталды Талас облусунун башчысы Нурлан Дарданов кызматтан алынды алдыда кененирек...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунун бир катар аткаминерлерин иштен алуу сунушун президентке жолдоду. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча тиешелүү чечим президенттик администрациянын бүгүнкү коллегиясында кабыл алынган. Ага ылайык, Өзүнүн милдеттерин так аткарбагандыгы жана ишиндеги кемчиликтери үчүн: облус жетекчиси Нурлан Дарданов, облустук администрациянын аппарат жетекчиси Ырсахун Кулушевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу сунушталганоблус башчынын биринчи орун басары Талантбек Эдиловго, Бакай-Атанын акими Алгынбай Имаровго жана Талас районунун акими Нургазы Нармырзаевге сөгүш берүү боюнча чечимдин долбоору кабыл алынды. Акылбек Жапаров бул башкаларга сабак болушу керектигин белгилеп, мындай текшерүүлөр ар бир облуста жүргүзүлөрүн билдирди.
Ал арада Нурлан Дарданов президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Дарданов бул кызматты 2023-жылдын март айынан бери аркалап келген.
Соңку жылдары коргоо ордерлерин алгандар көбөйдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана милициянын көчмө пункттарын координациялоо бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, быйылкы жарым жылда 6 миң 749 коргоо ордери берилип, былтыркыга караганда көрсөткүч өскөн. "Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйгөнүн эмес, жарандар милицияга кайрыла баштаганынан кабар берет. Коргоого муктаждардын баары эле аялдар дебейм, эркектер дагы бар", — деди Сапарбаев. Коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жаранга үч күнгө берилет. Эгер бул мөөнөттө өнөктөшү тарабынан коркунуч сакталса, ордердин мөөнөтү 30 күнгө узартылат. Белгилей кетсек, өлкөдө аялдарга карата жасалган зомбулук каргашага алып келген учурлар катталууда. Учурда Айтурган Маматкулованын сырдуу өлүмү коомдо резонанс жаратууда. Маркумдун туугандары келиндин өлүмүнө жолдошу себепкер деп жатышат. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тергөөнү өз көзөмөлүнө алды.
Россиянын Куралдуу күчтөрү стратегиялык эмес өзөктүк күчтөрдүн машыгуусунун үчүнчү этабын баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги маалымдаганын Sputnik радиосу кабарлады. Билдирүүдө машыгуулар Россия федерациясынын президентинин чечимине ылайык жүргүзүлүп жатканы айтылган. "Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү стратегиялык эмес өзөктүк куралды колдонууга даярдоо үчүн машыгат", — деп айтылат маалыматта. Россиянын Түштүк жана Борбордук аскердик округдарынын ракеталык бирикмелери "Искандер-М" оперативдүү-тактикалык комплекстер үчүн атайын дүрмөттөрдү жеткирүүчү ракеталарга октоп, аларды учура турган жерге жашыруун жетүүгө машыгат. ///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 30 тыйынга 1 евро 90 сом 99 тыйынга 1 рубль 97 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 68 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 73 сом 90 тыйындан тарта, 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ1-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бейшембиде тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +34...+39, Талас аймагында +31...+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл жергесинде +27…+32,, Нарын өрөөнүндө +28...+33 градус жылуу болот. Бишкек жана Ош шаарында күндүн табы +37...+39 градус болсо, Чолпон-Атада +26...+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0