00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
1 апреля стартует электронная запись в школы: как избежать проблем прошлого года?
08:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Батирлер кайра кымбаттайбы — Кыймылсыз мүлк рыногундагы абалга саресеп
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Туризм на износ: как застройка побережья убивает экосистему Иссык-Куля
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында Жаштар кеңеши түзүлдү — эмне иш кылат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто будет поливать? Главный вопрос к новому проекту по высадке 2500 гектаров леса
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБ өлкөлөрүндө илимий даажалар таанылат. Иш кайсы процесске келди?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Бишкекте саат 17-00! Жаңылыктар менен тааныштырып студияда Кенжебай Сатканалиев. Саламатсыздарбы! Алгач кыскача анонс:
Эрлан Шеров испаниялык атаандашынан утулуп калды Россиянын Тышкы иштер министрлиги Ханиянын өлтүрүлүшү боюнча үн каттыЖарым жылда алты жолу кыз ала качуу фактысы катталдыалдыда кененирек...
Жылдын биринчи жарымында өлкөдө алты кызды ала качышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү Элиза Шалбаева билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Ички иштер министрлиги аялдарды өлтүрүү жана никеге мажбурлоо тууралуу" аттуу брифингге катышты."Биздеги маалымат боюнча, бул жылдын алты айында ала качкан алты факты катталган. Ал эми 2023-жылы 14, 2022-жылы 36 учур аныкталган. Быйылкы жылы уруп-сабоо, өлүмгө учураган же жашы жете электерге байланыштуу уурдай качкан фактылар катталган жок", — деди Шалбаева. Быйыл беш кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, күнөөлүүлөр жазасын алышкан. Элиза Шалбаева 2019-жылдын башынан тарта жаңы кодекстер күчүнө кирип, ала качуу мамлекеттик айыптоо боюнча оор кылмыш катары квалификацияланганын эске салды. Бул фактылар боюнча иш жабырлануучу тараптын арызысыз козголуп, тараптар жарашса дагы күнөөлүү жоопкерчиликтен бошотулбайт. Кылмыш иши токтотулбастан сотко жөнөтүлөт.
Кыргызстандын аймагында өрткө каршы жаңы төрт бөлүк ачылып, бирөөнө 50 метрлик автошаты алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бөлүктөр Чолпон-Атада, Ош шаарында, Сузакта жана Бишкекте ишке киргизүү үчүн даярдалууда. "Имараттарда өрт өчүрүүчүлөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ар бир бөлүк беш тонналык бирден өрт өчүрүүчү жана пикап үлгүсүндөгү автоунаа, куткаруу шаймандары менен толукталган. Ошондой эле бир 50 метрлик автошаты алынган", — деп айтылат маалыматта. Автошаты 200 миңден ашуун адамды тейлеген Бишкектин Ак-Өргөө конушундагы бригадага бөлүнөт.
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги Олимпиада оюндарында мелдештин сегизден бир баскычында атаандашына утулуп калды. Ал беттештерин 31-июлда 91 килограмм салмакта килемге чыгып он алтыдан бир баскычынан баштаган. Биринчи беттеште кубалык атаандашын жеңип, кийинки раундга өткөн. Ал эми сегизден бир баскычында испаниялык Тристани Мосахлишвили менен чыгып, ага утулуп калды. Ушуну менен анын Олимпиададагы беттештери аяктады. Бүгүн Олимпиада оюндарынын алкагында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу да беттешке чыгат. Ал 57 килограммга чейинки салмак категориясында Олимпиададагы жолун сегизден бир баскычтан баштайт. Анын атаандашы кубалык мушкер Хорта Родригез болот. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 23:55те башталат.
Москва ХАМАС кыймылынын лидерлеринин бири Исмаил Ханиянын көз жумушун саясий себептен жасалган өлтүрүү деп эсептейт. Бул тууралуу Россия ТИМ башчысынын орун басары Михаил Богданов билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, бул акылга сыйгыс нерсе жана региондогу каршылашууну, чыңалууну күчөтөт. "Мунун баары өтө жаман, акылга сыйбай турган, саясий себептен улам өлтүрүү жана бул региондогу тирешүүнү мындан дагы күчөтөт", — деди Богданов. Ошондой эле ал окуя Дохадагы сүйлөшүүлөргө терс таасирин тийгизерин белгиледи. Буга чейин ХАМАС кыймылы Израилдин Тегерандагы резиденцияга жасаган соккудан кыймылдын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания өлгөнүн кабарлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0