https://sputnik.kg/20240721/1087204817.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте саат 11-00! Жаңылыктар менен тааныштырып студияда Кенжебай Сатканалиев. Саламатсыздарбы? Бул чыгарылышта: 21.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-21T11:00+0600
2024-07-21T11:00+0600
2024-07-21T11:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/07/15/1087204685_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ec508b6b83684e8615913444e0834cd5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте саат 11-00! Жаңылыктар менен тааныштырып студияда Кенжебай Сатканалиев. Саламатсыздарбы? Бул чыгарылышта:
Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөрдүн саны 29 пайызга көбөйдүРоссияда мигранттарды каттоодо биометрика, манжа изин алуу сунушталдыУлуттук банктын алтын кору дээрлик 3,4 млрд. сомго түштү
2024-жылдын июль айынын башына карата Улуттук банктагы алтын корунун наркы 167 миллиард 380 миллион сомду түздү. Бир ай ичинде, тагыраагы, июндун башында болгон баа менен салыштырмалуу, 3 миллиард 384 миллион сомго арзандап кеткен. Мунун себеби айтылган жок. Учурдагы көрсөткүч тарыхта үчүнчу ирет рекорддук деп айтылууда, буга чейин июнда 170 миллиард сом жана майда 169 миллиард болгон эле. Улуттук банк алтын-валюта резервинин эсебинен өлкөдө улуттук валютанын туруктуулугун кармап турат.
Өткөн жылга салыштырмалуу фостердик үй-бүлөлөрдүн саны 29 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, фостердик үй-бүлөлөргө окууга дагы 51 талапкер министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турат. Фостердик же багуучу үй-бүлө — мамлекет менен келишим түзүп, турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды багат. Атайын окуудан өткөн 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар фостердик ата-эне боло алышат. Быйыл июлга карата мындай 110 бүлөдө 218 бала тарбияланууда. Өткөн жылга салыштырмалуу алардын саны 29 пайызга көбөйгөн.Фостердик үй-бүлөлөр институту Кыргызстанда 2014-жылдан баштап киргизилген.
Аксы районундагы Кара-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу коопсуз жайга эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 20-июлда саат Аксы районунун караштуу Кара-Камыш, Сары-Челек айыл өкмөттөрүндө кыска мөөнөттүү жааган жаандан улам сел кырсыгы катталып, 56 турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралган. Жашоочулар коопсуз аймакка эвакуацияланып, 3 турак үйдүн ичин, 35 турак үйдүн короосун сел каптап, 4 чакырым ички чарбалык жолдор селден жабыркаган. Жаралган кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн 16 куткаруучу жана техникалар тартылып, короо-жайларды тазалоо жумуштары аткарылган. Кийин Ийри-Булун жана Кара-Суу айылында эвакуцияланган 56 үй-булө үйлөрүнө кайтып келишкен
Россиянын Тергөө комитетти мигранттардын биометриялык маалыматтарын — манжа изин, геномдук каттоосун киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылган. Кылмыштуулук менен күрөшүү жана миграция саясаттын өркүндөтүү боюнча сунуштарды Россиянын Тергөө комитеттинин жетекчиси Александр Бастрыкин Мамлекеттик Думага жөнөткөн. Анда чет өлкөлүктөрдү жарандыктан ажыратуу үчүн буга чейинки негиздемелерден сырткары дагы кошумча оор же өзгөчө оор кылмышка даярдануу, аракет кылуу же атайылап жасоо фактысын да кошууну сунуштаган. "Өлкөгө кирип чыккан чет элдиктерди катуу көзөмөлгө алуучу бир катар чаралар сунушталууда. Алар биометрияны киргизүү, манжа изин алуу, геномдук каттоо, мигранттардын иштеген жана жашаган жерин санариптик системага киргизүү, "көлөмсүз, баары сыя берген батирлерге" массалык каттоого тургузууга тыюу салуу", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары Россиянын жарандыгын алгандарга паспорт берүү менен кошо аскердик каттоого алуу жана мигранттарды иштеткендерге бир катар жоопкерчиликти жүктөй турган сунуштар да каралган.
Бишкекте саат 11-00! Жаңылыктар менен тааныштырып студияда Кенжебай Сатканалиев. Саламатсыздарбы? Бул чыгарылышта: Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөрдүн саны 29 пайызга көбөйдүРоссияда мигранттарды каттоодо биометрика, манжа изин алуу сунушталдыУлуттук банктын алтын кору дээрлик 3,4 млрд. сомго түштү2024-жылдын июль айынын башына карата Улуттук банктагы алтын корунун наркы 167 миллиард 380 миллион сомду түздү. Бир ай ичинде, тагыраагы, июндун башында болгон баа менен салыштырмалуу, 3 миллиард 384 миллион сомго арзандап кеткен. Мунун себеби айтылган жок. Учурдагы көрсөткүч тарыхта үчүнчу ирет рекорддук деп айтылууда, буга чейин июнда 170 миллиард сом жана майда 169 миллиард болгон эле. Улуттук банк алтын-валюта резервинин эсебинен өлкөдө улуттук валютанын туруктуулугун кармап турат.Өткөн жылга салыштырмалуу фостердик үй-бүлөлөрдүн саны 29 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, фостердик үй-бүлөлөргө окууга дагы 51 талапкер министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турат. Фостердик же багуучу үй-бүлө — мамлекет менен келишим түзүп, турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды багат. Атайын окуудан өткөн 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар фостердик ата-эне боло алышат. Быйыл июлга карата мындай 110 бүлөдө 218 бала тарбияланууда. Өткөн жылга салыштырмалуу алардын саны 29 пайызга көбөйгөн.Фостердик үй-бүлөлөр институту Кыргызстанда 2014-жылдан баштап киргизилген.Аксы районундагы Кара-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу коопсуз жайга эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 20-июлда саат Аксы районунун караштуу Кара-Камыш, Сары-Челек айыл өкмөттөрүндө кыска мөөнөттүү жааган жаандан улам сел кырсыгы катталып, 56 турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралган. Жашоочулар коопсуз аймакка эвакуацияланып, 3 турак үйдүн ичин, 35 турак үйдүн короосун сел каптап, 4 чакырым ички чарбалык жолдор селден жабыркаган. Жаралган кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн 16 куткаруучу жана техникалар тартылып, короо-жайларды тазалоо жумуштары аткарылган. Кийин Ийри-Булун жана Кара-Суу айылында эвакуцияланган 56 үй-булө үйлөрүнө кайтып келишкен Россиянын Тергөө комитетти мигранттардын биометриялык маалыматтарын — манжа изин, геномдук каттоосун киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылган. Кылмыштуулук менен күрөшүү жана миграция саясаттын өркүндөтүү боюнча сунуштарды Россиянын Тергөө комитеттинин жетекчиси Александр Бастрыкин Мамлекеттик Думага жөнөткөн. Анда чет өлкөлүктөрдү жарандыктан ажыратуу үчүн буга чейинки негиздемелерден сырткары дагы кошумча оор же өзгөчө оор кылмышка даярдануу, аракет кылуу же атайылап жасоо фактысын да кошууну сунуштаган. "Өлкөгө кирип чыккан чет элдиктерди катуу көзөмөлгө алуучу бир катар чаралар сунушталууда. Алар биометрияны киргизүү, манжа изин алуу, геномдук каттоо, мигранттардын иштеген жана жашаган жерин санариптик системага киргизүү, "көлөмсүз, баары сыя берген батирлерге" массалык каттоого тургузууга тыюу салуу", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары Россиянын жарандыгын алгандарга паспорт берүү менен кошо аскердик каттоого алуу жана мигранттарды иштеткендерге бир катар жоопкерчиликти жүктөй турган сунуштар да каралган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/15/1087204685_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_576988c3ccc6599b2b28ad691d6bb89b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио