https://sputnik.kg/20240709/rossiya-alaka-briks-shku-g20-1086860108.html
Россия менен Индия негизги маселелер боюнча G20, БРИКС, ШКУ алкагында кызматташат
Россия менен Индия негизги маселелер боюнча G20, БРИКС, ШКУ алкагында кызматташат
Sputnik Кыргызстан
Россиянын БРИКСтеги төрагалыгынын артыкчылыктарын колдогону үчүн Индияга ыраазычылык айтылды. 09.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-09T22:59+0600
2024-07-09T22:59+0600
2024-07-10T09:42+0600
дүйнө
россия
алака
брикс
шку
g20
билдирүү
индия
https://sputnik.kg/img/07e8/07/09/1086859691_0:0:2982:1677_1920x0_80_0_0_f73748ad90f17dc2df687503340e2f54.jpg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Россия менен Индия негизги маселелер боюнча G20, БРИКС, ШКУ алкагында алаканы улантууну макулдашты. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланган XXII Россия-Индия саммитинин жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүүдө айтылат.Ошондой эле Россиянын БРИКСтеги төрагалыгынын артыкчылыктарын колдогону үчүн Индияга ыраазычылык айтылды.“Тараптар БРИКСтеги стратегиялык өнөктөштүктү жана тыгыз координацияны чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Йоханнесбургдагы XV саммитте кабыл алынган уюмду кеңейтүү боюнча чечимди кубатташты. Алар өз ара урматтоо жана түшүнүү, теңдик, тилектештик, ачыктык, инклюзивдүүлүк жана консенсус принциптерине негизделген БРИКСтин рухуна берилгендигин ырасташты”, — деп айтылат кайрылууда.Белгиленгендей, Россия менен Индия БРИКС алкагындагы кызматташтыктын үзгүлтүксүздүгүн жана консолидацияланышын камсыздоого багытталган биргелешкен күч-аракеттерди арттырууга макулдашты. Ошондой эле БРИКСке жаңы мүчөлөрдү интеграциялоо, уюмдун өнөктөштөрүнүн категориясын түзүү ыкмаларын иштеп чыгууну колдошту.
https://sputnik.kg/20240709/putin-menen-modi-beyformal-zholugushtu-1086829845.html
индия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/09/1086859691_247:0:2978:2048_1920x0_80_0_0_fccd5090f2cd93d0b6fc39df7ec5ced4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнө, россия, алака, брикс, шку, g20, билдирүү, индия
дүйнө, россия, алака, брикс, шку, g20, билдирүү, индия
Россия менен Индия негизги маселелер боюнча G20, БРИКС, ШКУ алкагында кызматташат
22:59 09.07.2024 (Жаңыртылды: 09:42 10.07.2024) Россиянын БРИКСтеги төрагалыгынын артыкчылыктарын колдогону үчүн Индияга ыраазычылык айтылды.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Россия менен Индия негизги маселелер боюнча G20, БРИКС, ШКУ алкагында алаканы улантууну макулдашты. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланган XXII Россия-Индия саммитинин жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүүдө айтылат.
“Тараптар эл аралык эркин жана адилеттүү соода эрежелерин сактоо, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери менен күрөшүү сыяктуу негизги маселелер боюнча кызматташтыкты G20, БРИКС, ШКУ платформаларында улантууга макулдашты. 2024-жылдагы Россиянын БРИКСтеги төрагалыгы учурунда климат боюнча жумушчу топтун алкагында климат жана туруктуу өнүгүү боюнча БРИКСтин байланыш тобун ишке киргизүүнү туура көрүштү”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Россиянын БРИКСтеги төрагалыгынын артыкчылыктарын колдогону үчүн Индияга ыраазычылык айтылды.
“Тараптар БРИКСтеги стратегиялык өнөктөштүктү жана тыгыз координацияны чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Йоханнесбургдагы XV саммитте кабыл алынган уюмду кеңейтүү боюнча чечимди кубатташты. Алар өз ара урматтоо жана түшүнүү, теңдик, тилектештик, ачыктык, инклюзивдүүлүк жана консенсус принциптерине негизделген БРИКСтин рухуна берилгендигин ырасташты”, — деп айтылат кайрылууда.
Белгиленгендей, Россия менен Индия БРИКС алкагындагы кызматташтыктын үзгүлтүксүздүгүн жана консолидацияланышын камсыздоого багытталган биргелешкен күч-аракеттерди арттырууга макулдашты. Ошондой эле БРИКСке жаңы мүчөлөрдү интеграциялоо, уюмдун өнөктөштөрүнүн категориясын түзүү ыкмаларын иштеп чыгууну колдошту.