https://sputnik.kg/20240704/kyrgyzstan-menen-rossiya-kooperatsiya-1086676250.html
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кооперацияны тереңдетүү талкууланды
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кооперацияны тереңдетүү талкууланды
Sputnik Кыргызстан
Министрдин орун басары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кооперацияны тереңдетүү өнөр жай саясатынын негизги багыттарынын бири болуп саналарына токтолду. 04.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-04T10:13+0600
2024-07-04T10:13+0600
2024-07-04T10:13+0600
кыргызстан
россия
айнура үсөнбекова
кооперация
өндүрүш
экономика
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/0f/1070009200_0:163:3072:1891_1920x0_80_0_0_57dec604f8fba98837b9bf14a5738dfe.jpg
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Өнөр жай боюнча кыргыз-россиялык жумушчу тобунун 5-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, отурумга кыргыз тараптан экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова баштаган жумушчу топ катышкан. Үсөнбекова Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кооперацияны тереңдетүү өнөр жай саясатынын негизги багыттарынын бири болуп саналарына токтолду.Мындан тышкары, былтыр декабрда макулдашылган КамАЗ шассисинин базасында автотехниканы чогултуу, тазалоочу курулмалар өндүрүшүн жолго коюу боюнча кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.
https://sputnik.kg/20240220/byjyl-100-onor-zhaj-ishkanasy-ishke-kiret-1082830715.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/0f/1070009200_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_fca86b4237568725ebad2c2820c0fbb8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, айнура үсөнбекова, кооперация, өндүрүш, экономика
кыргызстан, россия, айнура үсөнбекова, кооперация, өндүрүш, экономика
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кооперацияны тереңдетүү талкууланды
Министрдин орун басары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кооперацияны тереңдетүү өнөр жай саясатынын негизги багыттарынын бири болуп саналарына токтолду.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Өнөр жай боюнча кыргыз-россиялык жумушчу тобунун 5-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, отурумга кыргыз тараптан экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова баштаган жумушчу топ катышкан. Үсөнбекова Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кооперацияны тереңдетүү өнөр жай саясатынын негизги багыттарынын бири болуп саналарына токтолду.
"Тараптар энергетика, IT-технология, машина куруу, металл иштетүү, фармацевтика, курулуш материалдары тармактарында өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, Кыргызстандын аймагында индустриялык парктарды түзүүдө билим жана тажрыйба алмашууну талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, былтыр декабрда макулдашылган КамАЗ шассисинин базасында автотехниканы чогултуу, тазалоочу курулмалар өндүрүшүн жолго коюу боюнча кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.