00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кызматташуу күчөйт! Путин ШКУ саммитинде үч өлкөнүн башчылары менен жолукту

© Sputnik / Гавриил Григоров / Медиабанкка өтүүВизит президента Владимира Путина в Казахстан для участия в саммите ШОС
Визит президента Владимира Путина в Казахстан для участия в саммите ШОС - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2024
Жазылуу
3-4-июль аралыгында өтө турган ШКУ саммитине катышуу үчүн бир катар өлкөлөрдүн президенттери менен премьерлери Астанада чогулууда.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Астанада өтүп жаткан ШКУ саммитинин алкагында Россиянын президенти Владимир Путин бир катар өлкөлөрдүн башчылары менен жолугушту.

Монголия

Алгачкы сүйлөшүүлөр Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен башталды. Путин ага энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү сунуштады.

"Энергетика биздин кызматташуубуздун негизги багыттарынын бири болуп саналат. Иш жолго коюлган, бирок көмүрсуутек менен электр энергиясы багытында кызматташууну кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө негиз бар", — деди Путин.

Буга чейин ЕАЭБ менен Монголиянын ортосунда соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып калганын ЕЭК кабарлаган. Бул боюнча Путин да кеп козгоп, Монголия менен уюмдун ортосундагы келишим өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзө турганын белгиледи.

Азербайжан

Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевге Түндүк — Түштүк транспорт коридорун өнүктүрүү маселесин талкуулоону сунуштады. Алиев өлкө аймагында долбоордун инфраструктурасын кеңейтүүгө чечкиндүү кадамдарды жасоого даярдыгын дароо тастыктады.
"Биз Азербайжан аймагындагы коридордун инфраструктурасын кеңейтүүгө даярбыз. Коридор бар болгону менен бул долбоорду максималдуу пайдалануу биздин өнөктөштөр менен кошуналардын ниетине дал келбей турат", — деди ал.
Түндүк — Түштүк эл аралык транспорт коридору — Санкт-Петербургдан Мумбай портуна чейинки мультимодалдык жол. Узундугу 7,2 миң чакырымды түзөт. Коридордун ичинде үч маршрут бар: Транскаспий жолу (темир жолдорду жана портторду пайдалануу менен), ошондой эле Батыш жана Чыгыш кургак жолдору.
Путин Азербайжандагы орус тилине болгон мамилеге да көңүл бөлдү.
"Россиянын Азербайжандагы маданият күндөрү аяктады. Орус тилин колдоого сиздин өзгөчө көңүл бурууңузду дайыма белгилеп келем. Азербайжанда 300дөн ашык мектеп жаштарга орус тилин үйрөтөт. Бул биздин мамилелерибизди сактоого жана өнүктүрүүгө жакшы базаны түзөт", — деди Путин.
Президенттер, мындан тышкары, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, россиялык автоунааларды Азербайжандын аймагында чогултуу тууралуу да сүйлөштү.

Пакистан

Москва менен Исламабаддын ортосундагы мамилелер ондогон жылдар бою ишкердик жана достук маанайда өнүгүп келе жатат. Бул тууралуу Владимир Путин Пакистандын премьер-министри Шахбоз Шариф менен жолукканда билдирди.
Путин Россия Пакистанга энергетикалык ресурстарды экспорттой баштаганын эске салып, өлкө анын көлөмүн көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.
"Россия азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого салым кошууга аракет кылууда. Пакистандын рыногуна эгин жеткирүүнү улам көбөйтүп жатабыз", — деди РФ лидери.
Ал эми Шариф өткөн кылымдын 50, 60, 70-жылдарындагыдай эле бартердик шартта эки тараптуу соода мамилелерин кеңейтүүнү сунуш кылды. Премьер-министрдин айтымында, бул Пакистанга финансылык жана банктык көйгөйлөрдү жеңүүгө жардам берет.
Белгилей кетсек, 3-4-июль аралыгында өтө турган ШКУ саммитине катышуу үчүн бир катар өлкөлөрдүн президенттери менен премьерлери Астанада чогулууда. Владимир Путин мындан башка дагы Иран, Кытай жана Түркия президенттери менен жолугат.
КР президенти Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2024
Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти. Делегация курамы
Жаңылыктар түрмөгү
0