https://sputnik.kg/20240701/ysykta-kandaj-tamaktanysh-kerek-adistin-keneshi-1086562178.html
Жайдын ысыгында кандай тамактануу керек?
Жайдын ысыгында кандай тамактануу керек?
Sputnik Кыргызстан
Диетолог адамдын денеси ысыктан стресс аларын белгиледи. 01.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-01T08:34+0600
2024-07-01T08:34+0600
2024-07-01T10:04+0600
жай
ысык
тамактануу
тамак-аш
жашылча
диетолог
https://sputnik.kg/img/07e6/07/11/1066141140_0:0:3167:1782_1920x0_80_0_0_75cd7dbc4ee6af357c0f9e281ec15141.jpg
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жайдын ысыгында кандай тамактанып, эмнелерди жеш керектигин РИА Новостиге диетолог, инфузиялык терапия тармагынын негиздөөчүсү Камиль Вильданов айтып берди.Ошондой эле курамында суусу көп жашылчалар, атап айтканда, 92 пайыз суу камтыган дарбыз, 95 пайыз суудан турган бадыраң менен сельдерейди күнүмдүк азыкка кошуу керек.Вильданов калий менен магнийге бай чианын уругу, кабачок жана кокостун суусу организмде суунун балансын кармоого жардам берерин кошумчалады."Майы азыраак йогурт ичеги-карындын иштешин жакшыртып, сууну, тамак-ашты сиңирүүгө көмөктөшөт. Көк чөптөрдөн жалбызга көңүл буруңуз. Ал денени сергитип, дененин ички табын түшүрүүгө жардам берет. Андан тышкары, антиоксиданттарга бай кинза организмди керексиз заттардан арылтат", — деп кеңеш берген адис.Ошондой эле көк чай менен имбирь кошулган чай аптаптуу ысыкта сергитип гана тим болбостон, тамакты да жакшы сиңирет. Ошол эле учурда белоктуу азыктар, анын ичинде малдын этин жебей эле койгон оң.
https://sputnik.kg/20240619/somnolog-uyku-semiruu-1086193214.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/11/1066141140_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_83c666be00bfcaf8010246e5e1470e54.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жай, ысык, тамактануу, тамак-аш, жашылча, диетолог
жай, ысык, тамактануу, тамак-аш, жашылча, диетолог
Жайдын ысыгында кандай тамактануу керек?
08:34 01.07.2024 (Жаңыртылды: 10:04 01.07.2024) Диетолог адамдын денеси ысыктан стресс аларын белгиледи.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жайдын ысыгында кандай тамактанып, эмнелерди жеш керектигин
РИА Новостиге диетолог, инфузиялык терапия тармагынын негиздөөчүсү Камиль Вильданов айтып берди.
"Аптапта алгач эле рациондо табигый антиоксиданттарга, С жана Е витаминдерине бай азыктарды пайдаланышыбыз керек. Алар клеткаларды жогорку температурадан жаралган кычкылдануу стрессинен коргоого жардам берет. Мындан тышкары, В тобундагы витаминдер ысыкта адамдын жакшы жүрүшүнө көмөктөшөт. Анан, албетте, жайында сууну көп ичүү зарыл", — деген ал.
Ошондой эле курамында суусу көп жашылчалар, атап айтканда, 92 пайыз суу камтыган дарбыз, 95 пайыз суудан турган бадыраң менен сельдерейди күнүмдүк азыкка кошуу керек.
Вильданов калий менен магнийге бай чианын уругу, кабачок жана кокостун суусу организмде суунун балансын кармоого жардам берерин кошумчалады.
"Майы азыраак йогурт ичеги-карындын иштешин жакшыртып, сууну, тамак-ашты сиңирүүгө көмөктөшөт. Көк чөптөрдөн жалбызга көңүл буруңуз. Ал денени сергитип, дененин ички табын түшүрүүгө жардам берет. Андан тышкары, антиоксиданттарга бай кинза организмди керексиз заттардан арылтат", — деп кеңеш берген адис.
Ошондой эле көк чай менен имбирь кошулган чай аптаптуу ысыкта сергитип гана тим болбостон, тамакты да жакшы сиңирет. Ошол эле учурда белоктуу азыктар, анын ичинде малдын этин жебей эле койгон оң.