00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдөгү кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу мамлекет башчынынын маалымат кызматынан кабарлашты. Макулдашуу үч өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлүп, 6-июнда кол коюлган. Жогорку Кеңеш 19-июнда кабыл алган мыйзамга президент Садыр Жапаров бүгүн кол койгон. Аталган темир жолдун маршруту Торугарт — Арпа — Кош-Дөбө — Макмал — Жалал-Абад аркылуу болуп, узундугу 311,75 чакырымды түзөт. Ал эми жүк жүктөөчү станция Макмалда жайгаштырылары мерчемделүүдө. Долбоордун болжолдуу наркы 4 миллиард 665 миллион доллар, анын ичинен Кыргызстандын үлүшү 573 миллион доллар болору айтылган.
Жогорку Кеңеште депутаттар Шайырбек Ташиев, Марлен Маматалиев жана Айбек Маткеримов демилгелеген "Судьялардын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү колдоо тапты.Добуш берүүнүн жыйынтыгында 76 эл өкүлү аталган мыйзам долбооруна "макул" деп добуш берген. Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, судья болууга каалаган талапкерлер кыргыз тилин милдеттүү түрдө В1 деңгээлинде билиши керек. Ал үчүн "Кыргыз тесттин" сынагынан өтүп, мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билерин тастыктаган сертификатты алышы шарт. "Мыйзам долбооруна сунушталып жаткан өзгөртүүлөр шайланган же иштеп жаткан судьяларга эмес, судьялык кызмат орундарына талапкерлерге гана тиешелүү болушу керектигин белгилеп кетүү зарыл, анткени мыйзам артка карай колдонулбайт", — деп жазылган негиздемеде.Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болсо, оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолсо судья боло албай турганы жазылган.
Июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы токтойт. Бул тууралуу Соцфонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.Маалыматка ылайык, 1-июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат, бирок беш жыл иштегендерге пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнө баштайт. Кыргызстанда эркектер пенсияга 63 жаштан, аялдар 58 жаштан чыгат. Ошол эле учурда эгер киши пенсия курагына жете электе эле талап кылынганга кошумча 15 жыл эмгек стажысы болсо, ага мөөнөтүнөн мурда, үч жыл эрте пенсия чегерилчү.Ошол эле учурда пенсиянын базалык бөлүмүн толук алыш үчүн эми эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынбайт. 1-июлдан баштап беш жылдык эмгек стаж менен деле пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнөт.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Санкт-Петербург шаарынан келген санариптештирүү тармагы боюнча адистер менен жолугушту. Бул тууралуу Ош мэриясы маалымдады. Билдирмеге ылайык, Санкт-Петербургдан келген коноктор маалыматтык технологияларды, нейрондук тармактарды жана видеоаналитика системаларын шаар аймагында, коопсуздук, транспорт тармагында жөнгө салуу боюнча маалымат беришкен.Коноктор шаардагы бир катар муниципалдык ишканалардын жана кызматтардын ишмердүүлүгү менен таанышат, ошондой эле Ош шаарында санариптештирүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашат.
Жаңылыктар түрмөгү
0