00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:57
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Айсулуу Тыныбекова Польшадагы эл аралык турнирде алтын алдыBloomberg Азиядагы көп өлкөлөр АКШдан тажап БРИКСке кирүүгө умтулуп жатканын жаздыКыргызстан төрт ай ичинде 22 тоннадан ашык күмүш экспорттоду алдыда кененирээкУшул жылдын январь айынан апрелдин соңуна чейин Кыргызстан сыртка 22 тонна 320,2 килограмм күмүш сатты. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, анын жалпы баасы дээрлик 17,6 миллион долларды түзгөн. Кардар өлкөлөр: Индия — 21 тонна 733,2 килограмм мунун баары апрелде сатылган); Гонконг — 587 килограмм; Кыргызстан өткөн жылдын январь-апрель айлар аралыгында сыртка 312,9 килограмм күмүш саткан. Тактап айтканда, сатуунун көлөмү өткөн жылдагы тиешелүү мезгилге салыштырганда 70 эсеге көп болду. Статистика комитенинин көрсөткүчтөрүнө ылайык, бул 2018-жылдан берки рекорддук көлөм болду. Мындан тышкары, жыл башынан тартып төрт ай ичинде экспорттун көлөмү буга чейинки жылдардагы жыл ичиндегиден да басып өттү
Нарында 28-29-июнь күндөрү "Кыргыз шырдагы" XIV эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Фестивалдын максаты — кийиз менен иштөө жаатындагы баалуулуктарды кийинки муундарга жеткирүү, аларды кызыктыруу. Ошондой эле Кыргызстанды экологиялык таза, маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу болуп саналат. Ага өлкөнүн 300дөн ашык кол өнөрчүлөрү, дизайнерлери, жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү жана башкалар катышары мерчемделүүдө.Кароо-сынактын калыстар курамы көркөм өнөр эксперттеринен, дизайнерлер, тарыхчы, этнограф, илим изилдөөчү жана кол өнөрчүлөрдөн түзүлөт. Белгилей кетсек, аталган фестиваль Нарын облусунда 2010-жылдан бери 28-29-июнь күндөрү өткөрүлүп келет.
Польшада өткөн эл аралык турнирден Айсулуу Тыныбекова алтын алса, Калмира Билимбек кызы күмүш байгеге ээ болду. Балбандар Варшава шаарында болгон Мемориал Зиалковски и Пытлянски Poland Open 2024 аттуу рейтингдик турнирге катышкан.Тыныбекова биринчи кармашында польшалык Ольга Падошикти 8:0, андан кийин канадалык Мики Руботтомду 8:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген. Ал эми финалда германиялык Луиза Нимешти 4:1 эсеби менен утуп, биринчи орунга татыган. Ал эми Билимбек кызы алгач польшалык Наталья Кубат аттуу кызды 4:3 эсебинде, андан кийин дагы бир польшалык балбан Александра Витосту 8:0 менен утуп алган. Чечүүчү беттеште германиялык Елега Крюгерге 7:0 менен жеңилип, күмүш байгеге татыган.
Көптөгөн Азия өлкөлөрү Штаттардын көзөмөлүндөгү тартиптерден көңүлдөрү калгандыктан БРИКСке кошулууга аракеттенүүдө. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды. “Өлкөлөр АКШ менен Кытайдын ортосундагы атаандаштыктан улам катаалдашып кеткен экономикалык тобокелдиктерди жоюуга аракет жасап жатышат. Алар БРИКСке мүчө болуу менен ошол чыңалуунун жок дегенде бир бөлүгүн жойгулары келет", — деп айтылат маалыматта. Россия менен Кытай өлкөлөрдүн БРИКСке кызыгуусунун артышын Батыш мамлекеттеринин аларды туңгуюктоо аракетине каршы ийгиликтүү көрсөткүч деп эсептейт. БРИКСке кирүү мамлекеттерге валюталык резервдерди бириктирүүгө жана жаңы өнүгүү банкын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Басылма жазгандай, жамааттык инвестициялардын бул фонду өзгөчө Түштүк-Чыгыш Азия үчүн пайдалуу болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0