https://sputnik.kg/20240612/1086032983.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларын чет элдиктерге менчикке берүүгө уруксат берген мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Аны депутаттар Балбак Түлөбаев... 12.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-12T17:00+0600
2024-06-12T17:00+0600
2024-06-12T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/06/0c/1086032851_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ea349dcb23faad86b798ea4827536c50.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларын чет элдиктерге менчикке берүүгө уруксат берген мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Аны депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков демилгелеген. Эл өкүлдөрү Жер кодексине, "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда. Ага ылайык, министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте чет өлкөлүктөргө ре-кре-ациялык объектилер жана туристтик инфраструктураларга ээлик кылуу укугу берилиши мүмкүн. Буга чейин депутаттар мындай объектилерге эмнелер кирерине кызыгып, чет өлкөлүктөрдүн менчигине жер өтүп кетпейби деп кооптонушкан. Демилгечилер аталгандай объектилерге эс алуучу, ден соолукту чыңдоочу, туризм үчүн пайдаланылуучу конок үйлөр, коттедждик шаарчалар, эс алуу үйлөрү жана башка объектилер камтыларын, ал эми жер тилкеси буга кошулбай турганын билдиришкен. Ошондой эле аталган өзгөртүүлөр курорттук-рекреациялык аймакка жана жалпы эле республикага чет өлкөдөн инвестиция тартууга өбөлгө түзөрү кошумчаланган.
Бишкектеги лабораториялардын биринен чыккан медициналык калдыктарды Бишкектеги полигонго ыргытып жүргөн ишкана аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай жосунга лицензиясы жок иштеп жүргөн медициналык калдыктарды жок кылуучу жеке ишканалар барган. Бул коркунучтуу оорулардын тарап кетүү ыктымалдуулугун күчөтөрү белгиленген. Ишкана айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы төлөбөй, бюджетке 37 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылды. Атайын кызмат бул мыйзамсыз ишке лабораториянын тиешелүүлүгүн текшерип жатканы кошумчалады.
Эми жол эрежесин бузган электр самокаттын айдоочусу айыпка жыгылат. Тийиштүү документке 12-июнда Садыр Жапаров кол койду. Мыйзамга ылайык, «жөө жүрүүчү» жана «жеке мобилдүүлүк каражаты» деген түшүнүктөр киргизилди. Ага электрсамокаттар, электрскейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка ушул сыяктуу каражаттар кирет. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесине ылайык, жеке мобилдүүлүк каражаттарын башкарган адам тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралды.
Россиянын президенти Владимир Путин КМШда Кызмат көрсөтүүлөрдү эркин соодалоо жана инвестиция тартуу боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Келишимге Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын премьер-министрлери 2023-жылдын июнь айында Сочиде кол коюшкан. Ошондой эле ага кошулууну каалаган бардык мамлекеттер үчүн жол ачык. 2012-жылдан бери КМШда эркин соода зонасы тууралуу келишим иштейт. Анын алкагында шериктеш өлкөлөрдүн ортосундагы товар айлантуу бажы төлөмдөрүсүз, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине жараша жүргүзүлөт. Эми ошондой эле макулдашуу тейлөө жаатында да түзүлдү. Документ кеминде шериктеш үч мамлекет тарабынан ратификациялангандан бир айдан кийин күчүнө кирет.
Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларын чет элдиктерге менчикке берүүгө уруксат берген мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Аны депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков демилгелеген. Эл өкүлдөрү Жер кодексине, "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда. Ага ылайык, министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте чет өлкөлүктөргө ре-кре-ациялык объектилер жана туристтик инфраструктураларга ээлик кылуу укугу берилиши мүмкүн. Буга чейин депутаттар мындай объектилерге эмнелер кирерине кызыгып, чет өлкөлүктөрдүн менчигине жер өтүп кетпейби деп кооптонушкан. Демилгечилер аталгандай объектилерге эс алуучу, ден соолукту чыңдоочу, туризм үчүн пайдаланылуучу конок үйлөр, коттедждик шаарчалар, эс алуу үйлөрү жана башка объектилер камтыларын, ал эми жер тилкеси буга кошулбай турганын билдиришкен. Ошондой эле аталган өзгөртүүлөр курорттук-рекреациялык аймакка жана жалпы эле республикага чет өлкөдөн инвестиция тартууга өбөлгө түзөрү кошумчаланган. Бишкектеги лабораториялардын биринен чыккан медициналык калдыктарды Бишкектеги полигонго ыргытып жүргөн ишкана аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай жосунга лицензиясы жок иштеп жүргөн медициналык калдыктарды жок кылуучу жеке ишканалар барган. Бул коркунучтуу оорулардын тарап кетүү ыктымалдуулугун күчөтөрү белгиленген. Ишкана айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы төлөбөй, бюджетке 37 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылды. Атайын кызмат бул мыйзамсыз ишке лабораториянын тиешелүүлүгүн текшерип жатканы кошумчалады. Эми жол эрежесин бузган электр самокаттын айдоочусу айыпка жыгылат. Тийиштүү документке 12-июнда Садыр Жапаров кол койду. Мыйзамга ылайык, «жөө жүрүүчү» жана «жеке мобилдүүлүк каражаты» деген түшүнүктөр киргизилди. Ага электрсамокаттар, электрскейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка ушул сыяктуу каражаттар кирет. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесине ылайык, жеке мобилдүүлүк каражаттарын башкарган адам тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралды. Россиянын президенти Владимир Путин КМШда Кызмат көрсөтүүлөрдү эркин соодалоо жана инвестиция тартуу боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Келишимге Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын премьер-министрлери 2023-жылдын июнь айында Сочиде кол коюшкан. Ошондой эле ага кошулууну каалаган бардык мамлекеттер үчүн жол ачык. 2012-жылдан бери КМШда эркин соода зонасы тууралуу келишим иштейт. Анын алкагында шериктеш өлкөлөрдүн ортосундагы товар айлантуу бажы төлөмдөрүсүз, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине жараша жүргүзүлөт. Эми ошондой эле макулдашуу тейлөө жаатында да түзүлдү. Документ кеминде шериктеш үч мамлекет тарабынан ратификациялангандан бир айдан кийин күчүнө кирет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/0c/1086032851_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cc9c5fcda98612e4bc93b3a4e2eb1cc8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио