00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Эл өкүлдөрү мектептерди абалына жараша категорияларга бөлүү зарыл деп эсептейтКыргызстанга жумуртканы сырттан ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилдиМайып адамдарды зордуктагандарды өмүр бою абакка кесүү сунушталууда алдыда кененирээкКыргызстанда майыптардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн жазаны катаалдатуу сунушталды. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзамдын демилгечилери депутаттар Жылдыз Садырбаева менен Марлен Маматалиев ден соолугунун мүмкүндүктөрү чектелген адамдардын (ДМЧА) жыныстык кол тийбестигин коргоо максатында иштелип чыкканын айтышкан." Социологиялык изилдөөлөр майыптыгы барлар сексуалдык зомбулуктан көбүрөөк жапа чегерин көрсөтүүдө", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинде аялдарга, 18 жашка чыга элегинде кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан эркектерге өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонулбай турганы каралган. Бирок бул норма өзгөртүлүп педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү белгиленген. Эми ага майыптардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы жасалган кылмыштарды кошуу сунушталууда.
Мектептердин курулушун тартипке келтирүү максатында мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды. Анын демилгечилери — депутаттар Эльдар Абакиров жана Аида Исатбек кызы."Республика боюнча 2 154 мамлекеттик мектеп бар, алардын ичинен 233 мектептин жүктөмү ченемден 2,5 эсеге ашат. 260 мектепте окугандардын саны ченемден 2,5 эсеге жетпейт, бирок нормадан көп. Алардын ичинен 94 мектеп авариялык абалда", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде. Долбоор боюнча, мектептерди абалына жана жүктөмүнө жараша классификациялоо сунушталууда. Ага ылайык, окуучулардын саны ченемден 2,5 эседен ашкан жана авариялык абалдагы мектептер "кызыл", жүктөм эки эседен ашса "сары", авариялык мектептер "көк" зонага киргизилет. Ошого жараша биринчи кезекте "кызыл" жана "көк", андан кийин "сары" зоналарда жайгашкан мектептерди оңдоо жана куруу каралган. Ошондой эле 2025-жылдын аягына чейин "кызыл", 2026-жылга "сары" зонадагы мектептердин ремонтун жана курулушун аяктоо үчүн каражат бөлүү сунушталууда.
Кыргызстанга жумуртканы импорттоого жарым жылга чектөө киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тийиштүү токтому жарыяланды. Мындай чечим жергиликтүү ишкерлердин кайрылуусунан кийин кабыл алынган. Алар ички муктаждыкты толук камсыздай алышарын айтышкан. Максаты — азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бааны турукташтыруу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо. Министрлик республикада соңку эки жылда канаттуулар чарбачылыгы кеңейип, жергиликтүү өндүрүш болжол менен эки эсеге өскөнүн кабарлаган.
АКШ өзөктүк куралдардын мүмкүнчүлүгүн арттыруу боюнча чечим кабыл алган эмес, бул процесске "айлар, жылдар" кетет. Бул туурасында Америка президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын айтканын РИА Новости жазды. "Биз эч кандай чечим кабыл алган эмеспиз. Кырдаалга дыкаттык менен көз салып, эки партиянын пикирлерин угабыз... Аны бир нече ай жана жылдар ичинде кабыл алабыз", — деген ал CBS телеканалына берген интервьюсунда. Мурдараак Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин өзөктүк куралды жайылтпоо маселелери боюнча улук директору Пранай Вадди АКШ бул жааттагы арсеналды арбытуу зарылдыгын көрүп турганын айткан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0