https://sputnik.kg/20240602/akylbek-zhaparov-ish-sapar-menen-belaruska-barat-1085716083.html
Акылбек Жапаров иш сапар менен Беларуска барат
Акылбек Жапаров иш сапар менен Беларуска барат
Sputnik Кыргызстан
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунда 10дон ашык маселе талкууланмакчы. 02.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-02T11:41+0600
2024-06-02T11:41+0600
2024-06-03T10:48+0600
дүйнөдө
еаэб
еэк
акылбек жапаров
беларусь
жыйын
экономика
https://sputnik.kg/img/07e8/06/02/1085715107_0:73:3056:1792_1920x0_80_0_0_66228c9cff04a3aad3a0c8b7d2a0e4bb.jpg
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-4-июнда иш сапар менен Беларуска бара турганын өкмөттөн маалымдашты.Министрлер кабинетинин башчысы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, "Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу" деп аталган пленардык сессияда жана "Белагро-2024" эл аралык адистештирилген көргөзмөсүндө да болмокчу.Жыйындагы талкууда Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу жолу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү суроосу да бар. Ошондой эле рыноктордогу атаандаштыктын абалы, анын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу жаатындагы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу сөз болуп, ЕЭКтин өткөн жылдагы отчету берилет.
https://sputnik.kg/20240530/akylbek-zhaparov-ishenim-umut-zhany-door-1085615895.html
беларусь
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/02/1085715107_610:112:3009:1912_1920x0_80_0_0_02d43f70f6fc3ecfa6b1b0b1f46fa96f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, еаэб, еэк, акылбек жапаров, беларусь, жыйын, экономика
дүйнөдө, еаэб, еэк, акылбек жапаров, беларусь, жыйын, экономика
Акылбек Жапаров иш сапар менен Беларуска барат
11:41 02.06.2024 (Жаңыртылды: 10:48 03.06.2024) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунда 10дон ашык маселе талкууланмакчы.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-4-июнда иш сапар менен Беларуска бара турганын өкмөттөн маалымдашты.
Министрлер кабинетинин башчысы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, "Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу" деп аталган пленардык сессияда жана "Белагро-2024" эл аралык адистештирилген көргөзмөсүндө да болмокчу.
Жыйындагы талкууда Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу жолу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү суроосу да бар. Ошондой эле рыноктордогу атаандаштыктын абалы, анын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу жаатындагы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу сөз болуп, ЕЭКтин өткөн жылдагы отчету берилет.