00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Өлкөнүн ички каттамдарына санарип паспортту пайдаланса болот. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти. "Кыргызстан ичинде уча турган болсоңуз эми ID-паспортун ала жүрүүнүн кажети жок. Ички каттамдар менен жүргөндө Tunduk тиркемесинен паспорттун санарип түрүн көрсөтүп коюуга болот", — деп жазылган маалыматта. Эске салсак, мамлекеттик "Түндүк" порталына паспорт, айдоочулук, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтер киргизилген. Учурда портал аркылуу 150дөн ашык кызмат көрсөтүлүп, алардын саны өсүп жатат. Быйыл апрелде жарандар алгачкы жолу шайлоо тилкелеринде идентификациядан өтүү үчүн электрондук паспортторду колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышкан.
Мамлекеттик салык кызматы патенттин негизинде соода кылган ишкерлердин башка салык режимине өтүүсүнө бир ай калганын эскертти. 2024-жылдын 1-июлунан тарта өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Ишкерлер жалпы салык режимин жана бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандай алышат. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууда салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт. Базарларда жана кичи базарларда иштеген ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы, эгерде кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса анда 0,1%ды түзөт. Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер ККМди пайдаланууга, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө жана башка милдеттенмелерди аткарууга милдетүү.
Бишкек шаардык жылуулук электр борбору Бишкек шаарынын тургундарын ысык суу менен камсыз кылуу үчүн жылуулук жана турбиналык жабдууларды ишке киргизүүгө даяр. Бул тууралуу ЖЭБтин маалымат кызматы билдирди. Суу берүү 3-4 күнгө созулат. Биринчи кезекте социалдык объектилерге берилет. Ал эми жөнгө салуу иштери 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Быйыл Бишкекте суу 22-апрелде токтотулган, оңдоо иштери 40 күнгө созулду. Буга чейин профилактикалык иштер жүргүзүлүп, жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн ысык суу бир айга өчүрүлүп келген. Бул аралыкта керектөөчүлөрүнө берилүүчү ысык сууну жылытуучу жана сордурууучу жабдууларды күйгүзүүгө жана өчүрүүгө тийиштүү тээктерин оңдолду, буу менен суунун агып чыгышына жол бербөөчү пломбалык материал алмаштырылды жана мөөнөтү өтүп кеткен түтүктөр алмаштырылды.
Украина президенти Владимир Зеленский менен Батыш мамлекеттеринин ортосунда пикир келишпестиктер күч ала баштаганын The Washington Post жазды.Макалада украин саясатчылары чыр-чатак курчуп жаткан маалда америкалыктар аларды коррупция менен көбүрөөк күрөшүүгө мажбурлап жатканына нааразы экени айтылат. Мындан тышкары, тараптардын ортосунда Россиянын аймагына сокку уруу боюнча маселеде да пикир келишпестик бар. Гезит Зеленскийдин акыркы жумаларда Вашингтонго ыктаган аткаминерлерди кызматтан алганына, бул АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Киевге келип кеткенинен кийин болгонуна токтолгон. Макалада НАТОнун Вашингтондо өтчү саммитинен кийин абал мындан да курчуй турганы, жыйында Украинаны кабыл алуу тууралуу сөз болбосу айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0