00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:08
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров социалдык баракчасы аркылуу жумуш издегендерге кайрылуу жасады. Ал белгилегендей, өлкөдө жумушчу күчү жетишпей, тигүү цехтеринин, курулуш компанияларынын иши токтоодо. Мамлекет башчы өз сөзүндө тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүүнү суранышып жатканын жазган. “Кимде-ким жумуш таппай жүргөн болсо Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыздар. Алар сиздерге жумуштарды сунуштайт. Эмгек акынын көлөмү 20 000-30 000 сом”, — деп жазылган кайрылууда. Өлкө башчы иш боюнча суроолорго министрликтин тийиштүү адистери жооп берерин белгилеген. Ошондой эле иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин 1899 кыска номери аркылуу маалымат алууга болору кошумчаланган.
Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту билдирди. Маалыматка караганда, тергөө абагынан бошотуу өтүнүчү менен тергөөчүлөр кайрылган. Бишкектин Октябрь райондук соту Файзиевди бир күн мурун түрмөдөн чыгарган. Анын бөгөт чарасы "4-июнга чейин үй камагына алуу" деп өзгөртүлдү. Файзиев былтыр 9-октябрда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешелерди адалдоо" беренеси боюнча айып тагылган. 2021-жылдын май айында Аскердик прокуратура Файзиевге дагы бир иш боюнча издөө салган. Анда ал Бишкектен жер тилкелерин алуудагы коррупцияга, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга шериктеш болгон деп айыпталган. Ишкерди камакка алуу боюнча бөгөт чарасы сыртынан тандалып, бирок анын кайда экени белгисиз болгон. Кийин Файзиевдин иши УКМКга өткөрүп берилген.
Өзбекстандык авиакомпания 16-июндан тарта Ысык-Көлгө каттамдарды ачат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирди. ATR 72-600 учактары Ташкент — Ысык-Көл — Ташкент багыты боюнча жумасына үч ирет каттайт. "Ташкенттен Ысык-Көлгө учуу убактысы — эки саат. Каттамдар жумасына үч жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылмакчы. Келечекте алардын санын көбөйтүү пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия Бишкекте 151,8 миллион сомго эки көпүрө курууну пландап жатканын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, көпүрө салууга мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы тендер жарыялаган. Биринчиси — шаардын чыгыш бөлүгүндөгү Чоң Чүй каналына Шүкүров көчөсү менен Медеровго чыккан көпүрө. Ага 23 миллион 164 миң каралган. Ишти 30-ноябрга чейин бүтүрүү керектиги белгилүү болду. Экинчиси — Жибек Жолу проспекти менен Аламүдүн суусу аркылуу өтчү көпүрө. Ага 128 миллион 687 миң сом мерчемделип, ишти жылдын соңуна чейин тапшыруу керектиги айтылды. Ал эми документтерди 11-июнга чейин тапшыруу зарыл.
Белгилүү россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюк каза болду. Кабар өзүнүн социалдык баракчасына жарыяланганын РИА НОВОСТИ жазды. Актриса 53 жашта болчу. Заворотнюктун ооруп калганы 2019-жылдын август айында белгилүү болуп, мээ рагына кабылганы айтылган. Анткен менен жакындары бир топко чейин унчукпай, андан соң актрисанын дарыланып жатканын билдиришкен. Актриса түндө көз жумган.
Жаңылыктар түрмөгү
0