00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бийлик Кыргызстанды кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого колдонуу үчүн жол бербейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.Ал Бишкекте өткөн Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун 40-пленардык жыйынында сүйлөдү. Министрлер кабинетинин башчысы терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы күрөшүүнүн улуттук системасы бүгүнкү күндө натыйжалуу иштеп жатканын жана бул жаатта эл аралык жана улуттук талаптарга жооп берерин баса белгиледи. Ошондой эле анын айтымында, Кыргызстан Евразиялык топтун ишмердүүлүгүнө жигердүү катышып, мыйзамсыз кирешелер менен күрөшүү боюнча талаптарды сактоону жакшыртуу тууралуу тынымсыз иш жүргүзүп, акчаны адалдоого каршы каржылык чара көрүү тобунун жалпы таанылган эл аралык стандарттарын так аткарат.
Кыргызстандын салык мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, акчалай төлөмдөрдү накталай эмес түрдө гана жүргүзгөн ишкерлер ККМди колдонбой эле иштей алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Бул жаңы нерсе QR-төлөмдөр, POS-терминалдар, төлөм терминалдары, идентификацияланган электрондук капчыктар, мобилдик тиркемелер жана башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калкка төлөмдөрдү накталай эмес формада гана жүргүзгөн ишкерлерге тиешелүү. Бирок накталай эмес жана накталай төлөмдөрдү кабыл алган субъектилер бул мыйзам жобосун колдоно албайт.
Кыргызстанда 1-июндан тарта карызы барлардын газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, "Бишкек газ", "Чүй газ", "Ош газ" жана "Жалал-Абад газ" кызматтары эки же андан көп айга төлөм карызы топтолгон абоненттердин газын өчүрөт. "Карызы барлар бардык шарттарды аткаргандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде жаратылыш газы берилет", — деди компания. Айдын биринчи күнүнө карата карыздын суммасы жөнүндө маалыматты төмөнкү платформалардан алса болот: жардам кызматынын 4444 кыска номерине чалып же gazprom.kg сайты аркылуу.
Россия Украинага F-16 истребителдеринин берилишин НАТОнун өзөктүк жааттагы билип туруп каккан коңгуроосу катары карайт жана учактар Украина армиясынын башка куралдары сыяктуу эле жок кылынат. Алардын келиши согуш талаасындагы кырдаалды эч өзгөртпөйт. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазды.Москва Украинаны куралдандыруу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, конфликтиге НАТО өлкөлөрүн түздөн-түз кийлигиштирип "от менен ойноп" жатат деп эсептейт. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу үчүн берилген ар бир жүк Россиянын максаттуу бутасы болорун айткан. Ал билдиргендей, АКШ жана НАТО Украинаны курал-жарак менен камсыздап жаңжалга түздөн-түз катышкандан тышкары Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө адистерди даярдоо менен да алек болушууда. Кремль Батыш тараптын Украинаны курал менен камсыздоосу сүйлөшүү жолуна алып келбей турганын, тескерисинче, мындан терс натыйжа чыгарын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0