00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Закон о ВИЭ меняется: чьи интересы будут учтены - КР или инвесторов?
08:04
42 мин
Ежедневные новости
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Көчөттөрдүн импорту жана экспорту: ЕАЭБде фитосанитардык көзөмөл күчөтүлүүдө
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Булак участкасында заманбап ири интернет соода платформасы курулууда. Бул тууралуу райондук администрация кабарлаганын аймактык кабарчы билдирди. Маалым болгондой, борбордун июнь айынын аягында ачылышы пландалууда. "Бул жай "Нарын Кургак Порт" ЖЧКсы эркин соода аянтчасы деп аталып, анда атайын товар сактоочу кампа (ангарлар), унаа базары, электр жабдыктарын кураган ишкана, тигүү цехи жана эт комбинаты ачылат. Ал мамлекеттик "Кыргызпочтасы" ААКы, "Кара-Булак" ЖЧКсы жана Шунси Лингин Ко" ЛТД ЖЧКсы тарабынан түзүлүүдө. Кара-Булак ишканасынын курулушу 2015-жылы башталган", — деп жазылат маалыматта. Бүгункү күнгө чейин долбоорго 50 миллион 550 миң сом инвестиция салынган. Тактап айтканда, узундугу 15 чакырым электр зым тартылган. 9 чакырым жерден суу тартылып келинген. Мейманкана, ашкана, административдик иамараттар, товар сактоочу эки жай, кичи соода орундары жана унаа базары, май куюучу жай курулган.
Чыгыш автобекетинин имаратына Калкты тейлөө борборун жайгаштыруу каралууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Чыгыш автобекетинин имараты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилген. "Имаратты демонтаждоо планда жок, ал архитектуралык эстелик катары сакталып, шаардын муктаждыктарына пайдаланылат. Айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда. Мурдагы автобекеттин имаратына Калкты тейлөө борборун жайгаштыруу каралып жатат", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле мэрия учурда Чүй облусу, Ленин айылы, Алматы көчөсү, 1/1 дареги боюнча "Бишкек автобекети" уюштурулуп, иш жүрүп жатканы кошумчалды.
Бишкекте бир миллиард сомго бааланган 2,5 гектарлык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүлүп жер 2011-жылы аукцион аркылуу жеке менчикке өткөн. Ошол кезде эки миллион доллар турган участок 340 миң долларга берилип кеткен. "Алар жердин баштапкы максатын да өзгөртүп салышкан. Тагыраагы, мектеп түшө турган жерге соода борбору бар көп кабаттуу комплекс курушкан", — деп айтылат маалыматта. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ээси жер тилкени мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Учурда ушул сыяктуу фактыларды, тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кыргызстанга ФАТФтин жаңы баа берүүсүнөн (ФАТФ – акчаны адалдоого каршы каржылык чараларды көргөн иш топ) өтүүгө жардам берилет. Бул тууралуу Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) төрагасы, Россиянын каржылык мониторинг боюнча федералдык кызматынын директору Юрий Чиханчин билдирди. Ал Бишкекте өтүп жаткан ЕАТга мүчө мамлекеттердин парламентарийлеринин III форумунун алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берди. "ФАТФ стандарттарына ылайык, Борбор Азия чөлкөмүнүн бардык өлкөлөрү жана ЕАТ мамлекеттери баа берүүнүн жаңы айлампасына өтүүдө. Биринчи кезекте Кыргызстан турат. Биз Кыргызстан туш болгон көйгөйлөргө көңүл буруп, техникалык колдоо көрсөтөбүз. Бул тууралуу форумда да сөз болду", — деди Чиханчин.
Жаңылыктар түрмөгү
0