00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандарын, Евразия экономикалык комиссиясынын, биримдиктин мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн ЕАЭБдин 10 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Мамлекеттин жетекчиси Евразия экономикалык биримдиги туруктуулуктун символу боло алганын белгилеген. "Биримдик дүйнөдөгү башка өнөктөштөр үчүн туруктуулуктун, пайдалуу кызматташтыктын үлгүсү болуп калды. Биргелешкен аракетибиздин аркасында маанилүү долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыра алдык. ЕАЭБ алкагында 2030 жана 2045-жылдарга карата экономикалык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө декларацияны сапаттуу жана өз убагында ишке ашырууга чоң маани берилет. Кыргызстан биримдиктин идеяларына, максаттарына жана принциптерине берилгендигин сактап, өз ара пайдалуу кызматташтыкты ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт", — деди Жапаров. Ал ошондой эле биримдиктеги өлкөлөргө өсүп-өнүгүүнү жана туруктуулукту каалай турганын кошумчалады.
Уран кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Мыйзам долбоору боюнча жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев маалымат берген. Анын айтымында, уранды иштетүүгө салынган тыюу башка сейрек кездешүүчү металлдарды камтыган 83 кенди изилдеп, иштетүүгө жолтоо болууда. Министр аларды иштетүү өз кезегинде экономиканы жакшыртууга салым кошоруна ишеним артууда. Ошондой эле ал уранды иштетүү экологияга, калктын ден соолугуна зыянын тийгизбей турганын белгилеген. Жыйынтыгында мыйзам долбооруна 69 депутат "макул", үч эл өкүлү "каршы" добуш берди, документ колдоо тапты.
Мамлекет бала бакчаларды куруу жана оңдоо үчүн жеңилдетилген насыя берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор бюджеттен, "РСК Банк", "Айыл Банк", "Керемет Банк" ачык акционердик коомдору тарабынан каржыланат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 2024-жылдын январынан тартып 60 ай. Насыя ишкердик субъектилерге жана жеке жактарга берилет.
Финансылык кылмыштар менен ийгиликтүү күрөшүү үчүн ар кайсы өлкөлөрдүн мыйзамдарын синхрондоштуруу боюнча иштөө зарыл. Бул тууралуу Россиянын Федерация кеңешинин төрагасынын орун басары Николай Журавлев билдирди. Ал Бишкекте өтүп жаткан кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топко (ЕАТ) мүчө мамлекеттердин парламентарийлеринин III форумунун алкагында журналисттер менен жолугушту. Журавлевдун айтымында, форумдун форматы тынымсыз өнүгүп, делегациялардын курамы кеңейип, каржылык чалгындоо жана финансылык жөнгө салуучу органдардын жетекчилери катышууда. Бул акчаны адалдоого каршы күрөшүү үчүн абдан маанилүү. "Жыл сайын жаңы чакырыктар пайда болуп, виртуалдык алдамчылык барган сайын кеңири жайылууда, алардын куралдары тынымсыз кеңейип жатат. Биздин финансылык чалгындоо органдарыбыз бул чакырыктарга даярданып, кылмыштарга каршы турушу үчүн жаңы механизмдерди ойлоп табуу керек. Парламентарий катары ролубуз маанилүү, финансылык чалгындоо органдары жана борбордук банктар каржы кылмыштары менен күрөшө алышы үчүн мыйзамдарды жазышыбыз керек", — деди Журавлев.
Жаңылыктар түрмөгү
0