00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
20:55
4 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:01
4 мин
Ачык кеп
Айыл чарбасына багытталган арзан насыя – Дыйкан, фермерлер насыя алууда кандай тоскоолдуктарга кабылууда?
23:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Москвада "SputnikPro на Зубовском" долбоорунун жаңы сезону башталды

© SputnikМосквада "SputnikPro на Зубовском" долбоорунун жаңы сезону башталды
Москвада SputnikPro на Зубовском долбоорунун жаңы сезону башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2024
Жазылуу
Sputnik, Михаил Воробьев. "Россия сегодня" медиатобунун башкы кеңсесинде 20 майдан 24-майга чейин "SputnikPro на Зубовском" окуп-үйрөтүү долбоорунун кезектеги модулу өттү. Бул жылы программага Абхазия, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан жана Түштүк Осетиядан журналисттер, коомдук ишмерлер катышкан. Долбоор заманбап медиа тармагында кызматкерлердин бири-бири менен тажрыйба, билим алмашуусуна багытталган. Катышуучулардын айтымында, алар иш-чаранын жүрүшүндө көптөгөн маанилүү маалыматтарга ээ болуп, шыктанып, дем-күч алышкан.
© Sputnik"SputnikPro на Зубовском" доолборуна Абхазия, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан жана Түштүк Осетиядан журналисттер, коомдук ишмерлер катышты
Новый сезон проекта SputnikPro на Зубовском для журналистов в Москве  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2024
"SputnikPro на Зубовском" доолборуна Абхазия, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан жана Түштүк Осетиядан журналисттер, коомдук ишмерлер катышты

Заманбап медиага жең түрө киришүү

Программа медиатоптун адистери өткөргөн мастер-класстар менен практикалык иштерди аткарууну камтыган. Негизинен Telegram каналдарында жана социалдык тармактарда иш алып баруу, медиаконтенттин сырткы түзүлүшү, инфографика, нейротармактарды даярдоонун ыкмалары жана жасалма интеллект менен иштөөнүн этикасы темаларында окутуулар болду. Ар бир лекция, сабактар түрдүү мисал, такталган кейстер менен коштолгондуктан катышуучулар теория түрүндө гана түшүнүк албастан, медиаиндустриянын жаңы тренддерин иш жүзүндө жасап көрүүгө да шарттар түзүлгөн.
dostuk.media порталынын журналисти Яна Крайнюкова менен КРСУнун маданият жана чыгармачылык борборунун директору Галина Кетова программага экинчи ирет катышууда. Ушунун аркасы менен медиамектеп түптөөгө жетишкен.
© SputnikКРСУнун маданият жана чыгармачылык борборунун директору Галина Кетова
Новый сезон проекта SputnikPro на Зубовском для журналистов в Москве  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2024
КРСУнун маданият жана чыгармачылык борборунун директору Галина Кетова
"Долбоор Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун колдоосу менен түзүлгөн. Өткөндө абдан көп маалымат алып кайттык. Аны башкалар менен бөлүшүү маанилүү экенин аңдадым. Ушу тапта Кыргызстанда жаштарды окутуунун экинчи бөлүгү өтүп жатат", — деп айтып берди ал Sputnik кабарчысына.
"Апта ичинде ушунчалык көп маалыматка ээ болот экенсиң, үйгө кетип бара жатып анын баарын кантип сиңирүүнү да түшүнбөй жаткансыйсың. Бирок ишке келгенде баарын эстеп пайдаланат экенсиң", — деп кошумчалады Яна Крайнюкова.
© Sputnikdostuk.media порталынын журналисти Яна Крайнюкова
Новый сезон проекта SputnikPro на Зубовском для журналистов в Москве  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2024
dostuk.media порталынын журналисти Яна Крайнюкова

Шыктанткан лекциялар жана алдыңкы спикерлер

Медиатоптун видеоөндүрүшү дирекциясынан келген Александр Петровдун лекциясы иш-чаранын кызыктуу окуяларынын бири болуп калды. Ал бир жыл ичинде нейротүйүндөр кандайча өзгөрүп өнүккөнүн көрсөтүп берди. Автоматтык котормо жана видео үчүн субтитрлер саналуу мүнөттөрдө жасалат, бул үчүн болгону телеграм-ботко же башка ыңгайлуу жабдууга кайрылуу зарыл. Александр бул тармакка тереңирээк сүңгүүгө жардам берген бир катар ресурстарды, программаларды сунуштады.
Бүгүнкү медиадагы инсандын ролу жөнүндө баяндап берген журналист Армен Гаспаряндын сөзү да кыйла таасирлүү болду. Ал түз эфирде иштөө принциптери өтө тездик менен өзгөрүп жатканына токтолду. Гаспаряндын айтымында, жогорку окуу жайларда журналистика боюнча билим алуунун зарылдыгы жоюлуп бара жатат, анткени окутуучулардын басымдуу бөлүгү иш жүзүндө эфир өткөрө алышпайт.

Виртуалдуу алып баруучулар менен жаңы чакырыктар

“Россия сегодня” медиатобунун редакторунун орун басары Наталья Лосева катышуучуларга жаңылык окуган виртуалдуу алып баруучуларды ишке киргизип жаткан дүйнөлүк медиаларды тааныштырды. Мындай алып баруучулардын айрымдары толугу менен ойдон чыгарылган болсо, кээ бирлеринин прототиби бар болуп чыккан.
Алсак, Sputnik агенттигинин виртуалдуу алып баруучусу Виктория эфир алып барып, жакынкы чет өлкөлөрдүн тилин үйрөнүп жатат. Наталья Лосева катышуучулар менен инновацияга байланышкан көйгөйлөр жана чакырыктарды талкуулады.
© Sputnik“Россия сегодня” медиатобунун редакторунун орун басары Наталья Лосева
Новый сезон проекта SputnikPro на Зубовском для журналистов в Москве  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2024
“Россия сегодня” медиатобунун редакторунун орун басары Наталья Лосева
Ал эми кадимки алып баруучу Виктория Федорова кадрда иштөө тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал сөзгө сараң же оозу тыйылбаган спикерлер менен кантип баарлашуу керектигин, күтүүсүз кырдаалдан кантип чыгуу зарылдыгын, спикер менен байланышты кантип түзүү керектигин айтып берди. Иш-чаранын катышуучулары Виктория менен мини интервью жасап, түз эфирде иштөө боюнча кеп-кеңеш алышты.
Соңку программа сертификат тапшыруу жана майрамдык фуршет менен жыйынтыкталды.

Келечек

"SputnikPro на Зубовском" долбоору көп жаңы нерсе үйрөнүүгө эле жол ачып бербестен, жаңы дос, ар өлкөдөн кесиптеш күтүүгө мүмкүнчүлүк берет, тажрыйба алмашып, ар ким өз өлкөсүндөгү саясий жана маданий кырдаал тууралуу айтып бере алат.
2023-жылы төрт модуль өткөн, быйыл да аталган долбоор май айынан сентябрга чейин уланмакчы. Жалпы 48 журналист кайрадан Москвага чогулуп, экинчи этаптан өтөт. Көбү долбоорго экинчи ирет катышууда. Быйылкы программа практикалык кейске басым жасаган, бул өз кезегинде катышуучулардын заманбап медиага тереңдеп кирүүсүнө, жаңы нерсе үйрөнүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.
"SputnikPro на Зубовском" долбоору жакынкы чет өлкөлөрдөгү журналисттердин башын бириктирүү менен региондогу заманбап медианын өнүгүүсүн шарттап, өз миссиясын улантууда.
Sputnik Кыргызстан радиосунун алып баруучусу жана редактору Айтурган Сатиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Пресс-борбор
Радио алып баруучу эфирде маек алуунун сырлары менен бөлүштү
Жаңылыктар түрмөгү
0