00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
16 000 сом сый акы же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу. Мыйзамсыз курал алып жүрүүдө мыйзам эмне дейт?
11:05
40 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
Археология, музеи и кражи: кто охраняет прошлое
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
15:04
40 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
Победа с масштабом ЕАЭС: студент КРСУ признан лучшим на международном конкурсе
16:04
42 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Көз мончок
Студенттер жайкы эс алууда эмне менен алектенишет?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Тема дня
Что ждать от форума ЕАЭС в Минске: экономика, бизнес, перспективы
18:05
40 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Туяк
Алыкул менен Мидиндин мамилеси жакшы болгон. Куйкум сөздү Мидин Алыбаевден “чоңдор” эмнеге чочулаган?
19:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
21:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Против смога — дымоходами: в Кыргызстане обсуждают российские технологии очистки воздуха
08:04
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
IV Евразия экономикалык форуму — ири иш-чарага Кыргызстан кандай даярданууда?
09:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Штраф за отсутствие страховки: что нужно знать водителям с 1 июля
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ысык-Көлгө поезд менен - “Кыргыз темир жолу” кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу сакталууда — климат, миграция, баанын өсүшү таасирин тийгизеби?
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Гипертониялык жана жүрөк оорулуулар ысыктан кантип туруштук бере алышат - кардиолог менен маек
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкө экономикасын өстүрүүдө илимдин иши кандай жүрүүдө?
17:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как Кыргызстан меняет правила игры для иностранных бизнесменов
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лето, жара и отравления: санэпиднадзор закрывает точки общепита
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гипертониялык жана жүрөк оорулуулар ысыктан кантип туруштук бере алышат - кардиолог менен маек
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров Кыргызстанда чет элдиктердин көбөйүп кеткен себебин айтты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМедициналык академияда окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер. Архивдик сүрөт
Медициналык академияда окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2024
Жазылуу
Кыргызстанда ушу тапта эмгек мигранттарынын саны 5 322 адамды, чет өлкөлөрдөн келип окуп жаткан студенттердин саны 42 620 кишини түзөт.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Чет өлкөлүктөр Кыргызстандын билим берүүсүн баалап-барктап, кызыгып келип, акысын төлөп окуп жатканын, чет элдиктердин кызмат көрсөтүүсүнөн ушул эле кыргызстандыктар пайда көрүп жатканын туура түшүнүү керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте болуп өткөн башаламандык боюнча кайрылуусунда айтты.
Өлкө башчы өз сөзүндө ортодо окуянын чын-бышыгын билип-билбей, чын-төгүнүн аныктабай чагымчыл күчтөрдүн азгырыгына жетеленген топтордун кылган ишинин кесепетинен эл, мамлекет жабыр тартканын белгиледи. Президенттин айтымында, эгер күч органдары өз учурунда чара көрсө, балким, мындай окуя болмок эмес.
Жапаров патриот жаштардын чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясын токтотуу, мындай иштерге жол бергендерге катуу чара көрүү сыяктуу талаптары менен макул экенин белгилеген.
"Бирок интернет желесине эмне чыкса ошого ишенип, тең салмактап талдоо жүргүзө албай, ортодо чагымчылардын намысты козгогон азгырыктарына жетеленип куттуу өлкөбүздүн, өнүгүү жолуна багыт алган мамлекетибиздин, эзелтен келаткан меймандос элибиздин кадыр-баркына шек келтирдиңер. Бул өтө өкүнүчтүү!" — деген өлкө башчы.
Президент кайрылуусунда чет элдик жарандардын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө токтолуп, эмне себептен көбөйүп жатканын айтты.
"Ошолордун калтырган каражаттарынан салык түшүп, ошолорго кызмат көрсөткөн окуу жайлар, чакан ишкерлер пайда таап жатканын, биздин экономикага миллиарддаган киреше алып келип жатканын кантип билбейбиз? Өлкөдөгү жумуш ордуларына жалаң чет элдиктер толуп калып, биздин жарандар бош калган болсо, мындай жагдайды жөнгө салып, ордуна коюуга күчүбүз жетет. Бирок мындай арзан иштерге биздин жарандар барбай жатканы жашыруун эмес. Учурда жүргүзүлгөн статистикага ылайык, бүгүнкү күндө 6 миң 300дөн ашуун жумуш орду бош турат. Бул иштерге мекендештерибиз барып иштебегендиктен, биздин ишкерлер чет элдик эмгек мигранттарын чакырып, контрагын түзүп, иштетүүгө мажбур болуп жатышат. Чынын айтышыбыз керек, бул эми азыркы таптагы реалдуу көрүнүш. 2020-жылга чейин кандай элек, азыр кандай болуп келе жатабыз. Айырма асман менен жердей. Биздин өлкөбүзгө эмгек мигранттары агылып келет деген түшүбүзгө да кирген эмес. Эгер азыр аларды ишке албай коюп жумушчулар жетишпей калса, эми жанданып келе жаткан ишканалар токтоп калат. Ишкерлер банкрот болушат. Экономикабыз өйдөлөбөй эле ылдыйлап кетет. Муну да унутпашыбыз керек", — деди президент.
Жапаров ушу тапта иштеп жаткан эмгек мигранттарынын саны 5 322 адамды, чет өлкөлөрдөн келип окуп жаткан студенттердин саны 42 620 кишини түзөрүн белгиледи.
Президент өлкө тагдырын ишенип тапшырган жалпы элдин тынчтыгы, биримдиги, өлкөнүн кадыр-баркы, өнүгүүсү бир ууч "кумалактардан" алда канча жогору турарын белгилеп, мындан ары жаңжал козуткандар, кызуу кандуу жаштарды колдонуп, алардын ар-намысын козгоо менен көпчүлүк массаны көчөгө алып чыгып, кечээгидей окуяларды чыгарып арам ойлорун ишке ашырам дегендерге катуу чаралар көрүлөрүн белгиледи.
ИИМ кызматкерлери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2024
Бишкектеги жаңжал: президент ИИМ тиешелүү чараларды өз учурунда көрбөгөнүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0