00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Бишкектин мэри Ататүрк паркындагы үйлөр соттун чечимисиз буздурулбай турганын билдирдиАртем Новиков Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна кайрадан төрага болдуСадыр Жапаров Кыргызстанда чет элдиктердин көбөйүп кеткен себебин айтты алдыда кененирээкЧет өлкөлүктөр Кыргызстандын билим берүүсүн баалап-барктап, кызыгып келип, акысын төлөп окуп жатканын, чет элдиктердин кызмат көрсөтүүсүнөн ушул эле кыргызстандыктар пайда көрүп жатканын туура түшүнүү керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте болуп өткөн башаламандык боюнча кайрылуусунда айтты. Өлкө башчы өз сөзүндө ортодо окуянын чын-бышыгын билип-билбей, чын-төгүнүн аныктабай чагымчыл күчтөрдүн азгырыгына жетеленген топтордун кылган ишинин кесепетинен эл, мамлекет жабыр тартканын белгиледи. Президенттин айтымында, эгер күч органдары өз учурунда чара көрсө, балким, мындай окуя болмок эмес. Жапаров патриот жаштардын чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясын токтотуу, мындай иштерге жол бергендерге катуу чара көрүү сыяктуу талаптары менен макул экенин белгилеген.
Бул аралыкта 18-майдагы нааразылыктарга себеп болгон мушташка катышкан чет элдиктердин кармалуусун сот мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Свердлов райондук соту аларды 17-июлга чейин үй камагына алган. "Свердлов райондук соту РИИБдин тергөөчүсүнүн камоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү өтүнүчүн карап, документте укук коргоо кызматкери чет элдиктерге карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонууну өтүнгөн. Бейбаштык боюнча айыпталгандардын баш коргоо чарасы 17-июлга чейин күчүндө болот", — деп айтылат маалыматта. Эске салсак, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам чогулган. 13-майда бул жерде жашаган чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген.
Тиешелүү соттун чечимисиз Ататүрк паркындагы үйлөрдү бузуу планы жок. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Ал күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Анда Ататүрк сейил багы боюнча маселе дагы каралган. Мэриянын маалыматы боюнча, "Мустафа Кемал Ататүрк атындагы парктын чек арасын бекитүү жөнүндөгү" токтомду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын мындан аркы иш-аракеттери тууралуу маселе боюнча маалымат угулду. 20-майга карата мэриянын юридикалык кызматтары тарабынан сот органдарына 19 доо арыз даярдалып берилген. Жалпысынан 94төн ашык доомат жөнөтүү пландаштырылууда. Жунушалиев шаардык мэриянын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине калаа калкына Ататүрк паркынын аймагында жайгашкан жеке турак жайларга карата биринчи кезекте соттук чаралар көрүлөрүн жеткирүүнү тапшырды.
Артем Новиков мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ал 21-майдан тарта кызматына киришет, үч жылдык мөөнөткө дайындалды. Артем Новиков Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда 2021-жылы да төрага болуп иштеген. Ага чейин 2017-2018-жылдары экономика министри, вице-премьер министр болуп иштеген. 2020-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси да болгон. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 2015-жылы иштей баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0