https://sputnik.kg/20240518/kyrgyzstan-rossiya-mordoviya-kyzmattashuu-zholugushuu-1085233211.html
KazanForum-2024. Кыргызстан менен Мордовия кызматташууга кызыкдар
KazanForum-2024. Кыргызстан менен Мордовия кызматташууга кызыкдар
Sputnik Кыргызстан
Мордовия башчысы Артем Здунов Кыргызстан менен айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, фармацевтика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштаган. 18.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-18T20:01+0600
2024-05-18T20:01+0600
2024-05-18T20:01+0600
кыргызстан
россия
мордовия
кызматташуу
жолугушуу
сүйлөшүүлөр
https://sputnik.kg/img/07e8/05/12/1085242647_0:100:1920:1180_1920x0_80_0_0_f3c0f388c516067d5ca38d71058d11e3.jpg
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казань шаарына болгон иш сапарынын алкагында "Россия - Ислам дүйнөсү: KazanForum" эл аралык экономикалык форумунун жүрүшүндө Мордовия Республикасынын башчысы Артем Здунов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Мордовия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашкан.Касымалиев Кыргызстан Россиянын аймактары, анын ичинде Мордовия менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айткан.Здунов Мордовия Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин белгилеп, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана фармацевтика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.Жыйынтыгында тараптар сүйлөшүлгөн бардык маселелер боюнча диалогду улантуу жана тереңдетүү боюнча макулдашышкан.
https://sputnik.kg/20240517/tatarstan-zholugushuu-alaka-1085199252.html
мордовия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/12/1085242647_107:0:1814:1280_1920x0_80_0_0_3bff729ad48d3b14aef4b5923e1dbe42.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, мордовия, кызматташуу, жолугушуу, сүйлөшүүлөр
кыргызстан, россия, мордовия, кызматташуу, жолугушуу, сүйлөшүүлөр
KazanForum-2024. Кыргызстан менен Мордовия кызматташууга кызыкдар
Мордовия башчысы Артем Здунов Кыргызстан менен айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, фармацевтика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштаган.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казань шаарына болгон иш сапарынын алкагында "Россия - Ислам дүйнөсү: KazanForum" эл аралык экономикалык форумунун жүрүшүндө Мордовия Республикасынын башчысы Артем Здунов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Мордовия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашкан.
Касымалиев Кыргызстан Россиянын аймактары, анын ичинде Мордовия менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айткан.
Здунов Мордовия Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин белгилеп, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана фармацевтика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.
"Касымалиев үстүбүздөгү жылдын июль айында Красноярск шаарында өтө турган кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын алдыдагы отуруму, кыргыз-орус аймактар аралык 11-конференциясы тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, инвестиция тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында Мордовиянын бизнес-делегациясын Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды", — деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында тараптар сүйлөшүлгөн бардык маселелер боюнча диалогду улантуу жана тереңдетүү боюнча макулдашышкан.