00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинети социалдык тармактарда чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен улуттар аралык кагылышууну жана башаламандыктарды тутантуу аракеттерин кескин айыптай турганын айтып, билдирүү таратты. Анда эл аралык басма сөздө чет элдик студенттерге карата зомбулук жана адам өлтүрүү фактылары тууралуу жалган маалыматтар төгүндөлгөн."Укук коргоо органдары бузуулардын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө. Күнөөлүүлөр аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Акыркы айларда бийлик мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүп жатат. Чет элдик студенттерге карата сабырсыздыкты тутандырууга багытталган ар кандай шылтоолорго жол берилбейт, элибиз достуктун жана меймандостуктун деминде жашай берет", — деп айтылат билдирүүдө.Мындан тышкары, бийлик коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн бардык зарыл чараларды көргөнү белгиленип, укук коргоо органдары коомдук тартипти бузууга аракеттенгендерди токтотору кошумчаланган.
ТИМ ЖМК өкүлдөрүн жана чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү Бишкекте түндө болгон башаламандыкка байланыштуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырды. Мекеме окуядан кийин аларга чет элдик жарандар кайрылбаганын белгилеген. "Жабыркаган чет элдик жарандар боюнча ТИМге эч кандай билдирүү түшкөн эмес", — дешти ТИМден.
Бишкекте түндө болгон башаламандыктан 29 киши жабыркаганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, 18-майга караган түнү Тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын жарымы Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн."Шаардык тез жардам ооруканасына түшкөн эки бейтаптын мээси чайкалып, башынан жаракат алган. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык, бирөөсү амбулатордук дарыланууга кеткен. Ошондой эле 12 жабырлануучу ар кандай жаракат менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышкан", — деп айтылат маалыматта. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталга жаагы сынып кеткен чет элдик жарандын ден соолугун сурап барды. Бейтапты операцияга даярдап жатышат.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар электрондук кол тамга аркылуу нотариустун кызматын ала аларын айтты. "Электрондук нотариат 2.0" бирдиктүү маалыматтык системасынын алкагында нотариалдык иш-аракеттер эми онлайн аткарыла баштайт.Анын айтымында, учурда онлайн нотариалдык кызмат көрсөтүүнүн механизмдери, эрежелери иштелип жатат. "Нотариалдык тутумду реформалоонун алкагында "Электрондук нотариат 2.0" бирдиктүү маалыматтык системасы 1-февралдан тарта иштеп жатат. Анын алкагында дагы алдыда иш пландары мерчемделген", — деди Сыдыков.Ошондой эле ал аймактарда иштей турган нотариустарга лицензия берүү жеңилдетилсе, жеке нотариустардын санын көбөйтүүгө жана мамлекеттик нотариустардын жүгүн азайтууга мүмкүн болорун кошумчалады/
Жаңылыктар түрмөгү
0