00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын орун басары – БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронковду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Жапаров Кыргызстан терроризмди айыптап, БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашырууга активдүү катышып жатканын баса белгиледи. "Баарлашуунун жүрүшүндө президент 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүү тууралуу айтып берди. Шайлоо БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында 2026-жылдын июнь айында өтөт", — деп айтылат маалыматта. Өз кезегинде Воронков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
Марат Иманкулов Борбор Азия мамлекеттеринин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын биринчи жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда суу-энергетикалык, азык-түлүк, транспорттук коопсуздук жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын абалы жана келечеги талкууланды. Марат Иманкулов экономикадагы, энергетикадагы, социалдык турмуштагы терс тенденциялар башкарылгыс миграциянын жаңы толкундары үчүн шарттарды түзүп, бул коопсуздук чөйрөсүндө кризистик кырдаалдарды пайда кыларын белгилеген. Мындан тышкары, ал транспорттук коопсуздукту камсыз кылууга дагы токтолгон. Жолугушуунун алдында аларды Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алганы кошумчаланды. Сапардын алкагында Марат Иманкулов Астанадагы Айкөл Манастын эстелигине гүл койгон.
Казанда өтүп жаткан "Россия — ислам дүйнөсү: Kazan Forum-2024" эл аралык экономикалык форумунун алкагында "Россия — Кыргызстан" аталышындагы тегерек стол өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Анын жүрүшүндө экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Кыргызстан аталган форумга, ошондой эле 100дөн ашык аталыштагы Кыргызстандын экспозициясы көрсөтүлгөн Russia Halal Expo көргөзмөсүнө активдүү катышып жатканын белгиледи. Тегерек столдо КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Соода-өнөр жай палатасынын, "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча борбордун жетекчилери баяндама жасап, ага Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, эки өлкөнүн аймактарынын, бизнес-чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.
Харьков багытында Киев аскер күчтөрүнүн кам-чому ойдогудай болбой калганын CNN билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды. "Украина үчүн эң кыйын учур келди — Украинанын Куралдуу күчтөрү Россия аскерлери жүргүзүп жаткан Харьков багытындагы кармашка даяр эмес болуп чыкты", — деп билдирген телеканал. Далил катары жолдо көргөндөрүн да белгилешкен. "Бул жакка келе жатып олуттуу бекемделгенин (согуштук позиция – ред.), даярдыгын көргөн жокпуз, бир нече жерде аларды шашылыш куруп жатышканын байкадык", — деген кабарчы Пэйтон Уолш. Журналист АКШнын Киевге берчү куралдарынын мөөнөтү созулуп кеткендиктен Украина аскерлеринин жылдызы түшүп калганын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0