00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде өнөр жайды колдоо: Кыргызстандын компаниясы каржылык субсидия алды
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Штрафы, онлайн и новые продукты: как изменился страховой рынок КР за год
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
17:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук психология — машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу боюнча мыйзамга кол койду. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 18-апрелде кабыл алынган. Ага ылайык, абанын сапатын жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу максатында өлкө 50 миллион доллар кредит алат. Каражат абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станцияларды куруу жана модернизациялоо аркылуу абанын сапатын башкаруу системасын бекемдөө, абанын сапатын текшерүү үчүн химия лабораториясын жаңыртуу, абанын сапатын контролдоо жол-жоболорун күчөтүү чөйрөсүндө техникалык көмөк көрсөтүү ж.б иштерге жумшалат.
ИИМ башчысы Улан Низябеков акыркы коңгуроодо акча чогултууга, бүтүрүүчүлөргө, алардын ата-энелерине отуруштарды, экскурсияларды же ар кандай көңүл ачууларды өткөрүүгө тыюу салынарын эскертти. Бул тууралуу министр онлайн-режимде өткөн кеңешмеде айткан. Анда 25-май күнү коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл буруу керектиги белгиленди. "Иш-чараларды өткөрүүдө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө, алардын ата-энелерине акыркы коңгуроо аземдеринен сырткары отуруштарды, экскурсияларды же ар кандай көңүл ачууларды өткөрүүгө тыюу салынды. Акыркы коңгуроо аземин өткөрүү учурунда коопсуздук жоопкерчилиги билим берүү мекемелеринин, жергиликтүү бийликтин жана ички иштер органдарынын биринчи жетекчилерине жүктөлдү", — деген министр.
Батыш автобекетинин имаратында калкты тейлөө борборлору жайгаштырылат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал автобекеттердин айрым жерлери жеке тараптарга менчикке берилип, ал эми имараттары ремонттолбой эскире баштаганына токтолуп, алар толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн айткан. "Оңдоп-түзөө иштеринен кийин мамлекеттик мекемелер, мамлекеттик каттоо жана калкты тейлөө борборлору жайгаштырылат", — деген ал. Ал президенттин тапшырмасы менен автобекеттер шаардын четине чыгарыларын эске салып, мыйзамсыз сатылган жерлери кайтарылып жатканын кошумчалаган. Буга чейин Батыш автобекети Пригородное айылынын тышына (Достук кичи районунун маңдайы) чыгарылары айтылган. Учурда ал жакта ачылган, бирок азырынча экөө тең иштеп жатат.
Россия менен Кытайдын өнөктөштүгү энергетикалык коопсуздукту камсыздап, эки элдин жашоо деңгээлин жакшыртат. Бул сөздөрүн РФ лидери Владимир Путин Харбиндеги Россия-Кытайдын VIII ЭКСПОсунун ачылышына катышып жатканда айтты. "Россия менен Кытайдын өнөктөштүгү эки өлкөнүн экономикасынын өсүшүн шарттап, энергетикалык коопсуздукту камсыздап, кымбат төлөнгөн жумушчу орундарды, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө, жарандарыбыздын жашоосун жакшыртууга көмөкчү болот", — деген Путин ЭКСПО менен аймак аралык кызматташуу боюнча башталган IV форумда. Россия лидери, мындан сырткары, сыймыктануучу, өз ара алака-катышта белгилей турган жыйынтыктар бар экенине да токтолгон. "Чыны менен эле Россия-Кытай экономикалык байланыштарынын, экономикалык кооперацияларынын жыйынтыгына сыймыктансак болот. Мындан бир нече жыл мурда эки өлкөнүн ортосундагы соодада, товар алмашууда 100 миллиард доллар бир топ эле жетишкендик деп саналса, азыр бул сан 200 милилардды чапчыды. Эгерде Кытайдын статистикасына таянсак, 240 миллиард доллар. Албетте, бул чек эмес", — деген Путин. Эске салсак, бул күндөрү Путин Кытайда расмий сапар менен жүрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0