00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
18 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:18
49 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстанга Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим расмий сапар менен келди. Ардактуу конокту "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алганын өкмөттөн кабарлашты. Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар пландаштырылган. Анын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланары айтылды. Эскерте кетсек, расмий сапардан улам Бишкек менен Чүйдөгү айрым көчөлөр жабылат.
15-майдан тартып №227 маршрут боюнча автобус каттай баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, маршрут Ак-Ордо жаңы конушунан Көк-Жарга чейин барат. Каттамда 20 автобус бар, 8-10 мүнөт аралыкта жүрөт. Учурда Кытайдан алынган автобустардын экинчи партиясы келип жатканы жана маршруттардын баары автобустарга алмаштырылары кошумчаланган.
Кыргыз-Россия Славян университетинде “Кытай көпүрөсү – 2024: Билим берүү жана илим тармагы” деп аталган илимий-тажрыйбалык конференция өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти. Конференциянын расмий бөлүгүндө КРСУ ректору Денис Фомин-Нилов, Лимин профессионалдык университетинин проректору Линь Чжаоюн, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун директору Апаева, Кусеин Карасаев атындагы БГУнун Кытай филологиясы кафедрасынын башчысы Өмүралиева катышмакчы. Иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы билим берүү жана кызматташуунун маанилүү аспектилерине арналат. Катышуучулар эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы өз ара кызматташуунун келечегин, кытай тил илиминин маанилүү маселелерин, маданияттар аралык байланыштын теориялык жана практикалык маселелерин талкуулашмакчы. Андан сырткары кытай тилин окутуудагы көйгөйлөр жана жаңычылдыктар боюнча да кеп болот. Иш-чараны КРСУнун Эл аралык мамилелер факультетинин Дүйнөлүк тилдер кафедрасы уюштурган.
Кыргызстанга унаасы менен келген жарандар машинасын милдеттү камсыздандыруудан өткөрүшү керек. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул норма 2023 жылдын 1-апрелинен тарта иштейт. "Камсыздандыруу тарифтери айдоочунун тажрыйбасына, машинанын техникалык абалына жараша эсептелет. Башкача айтканда, айдоочу тажрыйбалуу, ал эми унаа жаңы болсо ошого жараша камсыздандыруу полиси арзан, ал эми унаа эски, айдоочу үйрөнчүк болсо тескерисинче кымбатыраак болот", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле унаасын камсыздандырбаган чет элдиктер үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 184-бересинин 2-бөлүгүнө ылайык жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынары кошумчаланды.
Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши ЕАЭБдин "Оюнчуктардын коопсуздугу тууралуу" техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилгенин ЕЭК билдирди. Техрегламент жаңы терминдер жана оюнчуктардын жаңы түрлөрүнө коюлган талаптар менен толукталды. ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий оюнчуктар улам жаңыланып жатканын белгилеген. "Продукцияга коюлган талап өзгөртүүлөрдү шарттап жатат, бул өз кезегинде жалпы оюнчуктардын коопсуз деңгээлин жогорулатат. Муну менен катар айрым жоболордун конкреттештирилиши ишкерлерге өндүрүштүн майнаптуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет", — деди министр. Техрегламентке киргизилген өзгөртүүлөр жарым жылдан кийин күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0