00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
Жазылуу
Ушул жылдын I кварталында Кыргызстандан 138 миллион 270 миң доллар сыртка которулган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Кеп акча которуу системалары, банктык мобилдик тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары тууралуу болуп жатат. Былтыр ушул мезгилдин ичинде өлкөдөн 158,6 миллион доллар которулган. Ошентсе да өлкөдөн чыккан каражатка караганда киргени көбүрөөк. 2024-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга дээрлик 690 миллион доллар которулган, анын көпчүлүгү Россиядан.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду аркылуу дээрлик 29 миң кыргызстандык кесипке ээ болду. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, аталган фонд 2016-жылдан бери колледж жана кесиптик лицейлердин базасында кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштуруп келет."Азыркы учурда фонддун 72 кесиптик лицей, 9 колледж, 14 жеке окуу борбору жана 3 жогорку окуу жайы менен макулдашуусу бар. Алардын негизинде кесиптин 127 түрүн окууга болот. Кыска мөөнөттүү окуу курстарынан 29 миң кыргызстандык, анын ичинде майыптыгы бар 815 адам өтүп, бир кесипке ээ болгон. Булардын 69 пайызы жумушка орношту", — деп жазылат кабарда.Жаңы кесип үйрөнүү үчүн кесипти жана ыңгайлуу окуу жайын тандап, арыз калтырып, окуу графигин макулдашуу керектиги кошумчаланды.
Бишкек мэриясында Ататүрк сейил багынын аймагында жайгашкан объектилердин маселеси боюнча мекемелер аралык жыйын өткөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.Ага мэр Айбек Жунушалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышкан."Парктын аймагындагы объектилерди демонтаждоо жана бузуу иштери 20-майга пландаштырылган. Калаа башчы тиешелүү кызматтардын жетекчилерине сот органдарына доо арыз менен кайрылып, Ататүрк паркынын аймагын мэриянын менчигине кайтаруу иштерине даярдоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды", — деп жазылат кабарда. Эске салсак, буга чейин мэрия Ататүрк паркынын курулушка берилип кеткен 43 гектар жери кайтарыларын маалымдап, кийин сейил бактагы мыйзамсыз курулган объектилер бузула турганын кошумчалаган.
Кыймылсыз мүлк соңку алты жылда пайда кошулуп сатылса фискалдык орган киреше салыгын жана туум чегерүүгө укуктуу. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков билдирди.Эске салсак, Экономика жана коммерция министрлиги 9-июнга чейин пландалган активдерди мыйзамдаштыруу кампаниясын жыл соңуна чейин узартууну сунуштаган.Мамлекеттик салык кызматынын бирдиктүү салык декларациясын талдоо бөлүмүнүн башчысы Эдил Исраилов сандар менен мисал келтирди. Эгерде турак жай 30 сомго сатып алынып, белгиленген мөөнөткө жетпей 40 сомго сатылса, анда пайда 10 сомду түзөт. Дал ушул суммадан 10 пайыз киреше салыгын, башкача айтканда, бир сом төлөш керек. "Бул кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алып сатууга тиешелүү", — деп кошумчалады ал.
Жаңылыктар түрмөгү
0