00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырды. Маалыматка караганда, 28 бригадалык, 3 жеңил унаа жана 2 экскаватор, жалпы 86 миллион сомдук 33 техника тапшырылды.Минкаб башчысы соңку жылдары мамлекеттик органдарда реформалар жасалып, техникалар жаңыртылып жатканын белгиледи."Энергетика тармагында бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоор башталды. Чакан ГЭСтер салынып жатат. Жакында мамлекет өзү каржылаган Бала-Саруу ГЭСи ишке кирет. Мындан тышкары, күн, шамал станциялары салына баштады. Кыргызстандын энергетикалык потенциалы ири эл аралык каржы институттарынын кызыгуусун жаратууда", — деди Акылбек Жапаров.
"Социалдык келишим" долбоорун ийгиликтүү ишке ашыргандарга 200 миң сомдон ссуда берүү пландалууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди.Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Гүлкан Молдобекова "Социалдык келишимдин" көлөмүн көбөйтүүнү сураган."100 миң сомдон алып ийгиликтүү иш кылып жаткандар бар. Аларга 200 миң сомдон ссуда катары берүүнү пландаштыруудабыз. Учурда банктар менен макулдашуулар жүрүп, тийиштүү нормативдик документтер даярдалууда. Каражат үч жылга пайызсыз берилет. Анын пайызын мамлекет өзүнө алат", — деди Полотова.Ошондой эле ал эки жылда 12 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилип, алардын 23ү ар кандай себептерден улам планын ишке ашыра албай калганын кошумчалады.
"Манас" эл аралык аэропортунда ички каттамдар үчүн жүргүнчүлөрдү каттоо аймагы убактылуу 2-кабатка көчүрүлдү. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди. Мындай иштер жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, жергиликтүү учуу залынын жана стерилдүү аймактын катталуучу жерин кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу жасалууда."Каттоодон 2-кабаттан өткөн соң жүргүнчүлөр 1-кабатка түшүп, текшерүүдөн өтүп, андан соң учакка түшүшөт. Алардын жүктөрү С секторунда берилет", — деп айтылат маалыматта.
БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында болгон токой форумунун алкагында Кыргызстан "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы, тоолуу токойлорду жайылтуу" темасында кошумча иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, кошумча иш-чара Непал, Италия, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Тоо шериктештигинин катчылыгы менен биргелешип уюштурулган. Анда ТИМ башчысынын биринчи орун басары Асеин Исаев өлкөлөрдү БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында жаңы түзүлгөн Тоолуу өлкөлөр тобуна кошулууга үндөгөн. Ошондой эле Кыргызстанда өтчү "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга да чакырган.
Украинанын Белгородго жасаган соккусунан алдын ала маалымат боюнча 19 адам жабыркады, анын ичинде балдар да бар. Бул тууралуу облус башчысы Вячеслав Гладковдун айтымына таянып, РИА Новости жазды."Жабыркагандардын бардыгы Тез жардам кызматы менен Белгороддун ооруканаларына жеткирилген. Алтоо медициналык жардам алган соң амбулатордук дарыланууга чыгарылды. Жабыркагандардын абалын премьер-министрдин милдетин аткаруучу Михаил Мишустин өзү көзөмөлдөп жатат", — деген Гладков. Кырсыктан, бактыга жараша, көз жумгандар катталган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0