Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Улуу Ата Мекендик согушта Кыргыз ССРинин өндүрүшү катуу өскөн

© Sputnik / Асел АкматЖусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, доцент, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, доцент, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, доцент, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Кыргызстан агрардык-индустриялык өлкөгө айланганын айтты.
Германия кол салгандан кийин СССРдин европалык бөлүгү болгон Украина, Беларустагы өнөр жай тармагын бул жакка көчүрүү зарылдыгы жаралган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргыз ССРине эвакуацияланган завод-фабрикалар кыска убакытта өндүрүштү жолго коё алды. Бул тууралуу Темиркул Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандын өндүрүшү катуу өскөн
Анын айтымында, бул мезгил аралыгында Кыргыз ССРи согуш жүрүп жаткан жерлерден алыста болгондуктан СССРдин ишенимдүү жана маанилүү ооругуна айланган.
"1941-1945-жылдары азыркы Кыргызстанга СССРдин ар кайсы жеринен 36 завод-фабрика көчүрүлүп келип, иштей баштаган. Алардын арасында Ворошиловград шаарынан №60 курал-жарак чыгаруучу завод, Москвадан Фрунзе атындагы миномет заводу, Украинанын Бердянск шаарынан айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод, Ысык-Көлгө №175 суу астындагы канаттуу ракеталарды чыгарган торпеда заводу (дагы деле иштейт) сыяктуу бир топ стратегиялык мааниге ээ мекемелер болгон. Советтер Союзу маалында эл арасында кеңири таанылган "Интергельпо" кооперативи Чехословакияда 1924-жылы түзүлүп, Кыргызстанга 1925-жылы апрель айынын соңунда келген. Ошол жакка да станоктор орнотулуп, согушка керектүү каражаттар чыгарыла баштаган. Ишканалардын 90 пайызы Чүй облусунда, Фрунзеде жайгашса, калганы Ош, Ысык-Көл өрөөнүндө орун алган. Ошондой эле Чоң Чүй каналы ушул жылдары курулган. Анткени айыл чарба тармагы үчүн мааниси зор эле. Электр энергиясын өндүрүү кескин өсүп, ГЭСтер пайда болгон. Ош шаарында жибек өндүрүүчү комбинат ачылып, ал фронтто колдонулуучу парашюттарга иштетилген жибек өндүргөн. Ал тургай токтоп калган Кант — Балыкчы темир жолунун курулушу улантылган. Айдаркен сымап комбинаты да ачылып, ар бир атылган окко, жардыргыч затка бизде өндүрүлгөн сымаптын компоненти пайдаланылган. Бул өтө маанилүү стратегиялык маанидеги комбинат эле. Ак түстөгү коргошун да чыгарылып, металлургия тармагынын темпи төрт эсе, анын ичинде машина куруу 11 эседен ашык жогорулаган. Бут кийим чыгарылган, мындан сырткары, азык-түлүк жана башка фронтко керектелүүчү буюмдарды өндүргөн бир топ жеңил өнөр жай ишканалары пайда болгон. Консерва чыгаруучу заводдор да иштеген. Отун-энергетикасын өндүрүү да ошол жылдары жакшы жолго коюла баштаган. Эркектердин баары согушка кеткендиктен өнөр жай тармагында негизинен жаш балдар жана аялдар иштеген. Өспүрүмдөрдү станокто иштегенге үйрөтүшкөн. Өнөр жайларда 10 сааттык иш режими киргизилип, жумушчулардын ыктыяры менен дем алыш күндөр да жумуш күнүнө айланган. Патриоттуулук жогору болуп, берилген планды ашыра аткарышкан", — деди Асанов.
Ал Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жалпысынан 300 миңдей адам Кыргызстанга баш калкалоого келсе, анын 150 миңдейи депортациялангандар болгонун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0