00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
Жазылуу
Кыргызстандагы "Өчпөс полк" жөө жүрүшүн токтотуу чечими өлкөдөгү жана Борбор Азиядагы ыкчам кырдаалды талдап чыккандан кийин кабыл алынганын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мындай чечим мүмкүн болуучу провокацияларды жана терактыларды алдын алуу максатында кабыл алынган. "Өчпөс полктун" массалык жүрүштөрү көп күч-аракетти, акчаны жана көңүл бурууну талап кылат. Маршрут дагы абдан узун", — деди Исмаилов. Ал элден коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү. Ички иштер министрлигинин өкүлү чектөө "Өчпөс полкко" гана тиешелүү экенин, Жеңиш күнүнө карата башка иш-чаралар пландалгандай өтөрүн түшүндүрдү. Эске сала кетсек, "Өчпөс полк" жүрүшү токтотулганы 1-майда белгилүү болгон. Ички иштер министрлиги эл көп чогулган жерлерде кылмыш жасоо тобокелдиктерин алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды көрүп жатканын билдирди. Өткөн жылы Бишкекте өткөн "Өчпөс полк" жүрүшүнө 50 миңден ашуун адам катышкан.
Беларустун ордо калаасы Минск шаарындагы №11 орто мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылганын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Салтанаттуу иш-чарага катышкан Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин, аталган өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын жана мектеп окуучуларынын алдында сүйлөп, Жумаш Асаналиевдин эрдиги бардык келечек муундар үчүн чыныгы патриоттуулуктун жана эрдиктин үлгүсү экенин белгиледи.Иш-чаранын алкагында мемориалдык тактанын ачылышы жана мектеп окуучуларынын катышуусунда концерттик программа тартууланган.
Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы 139 команданын ичинен 41-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) алгачкы жолу футзал боюнча рейтингди жарыялады. Буга чейин сайты түзүп келген. Азия футбол конфедерациясынын (АФК) зонасында кыргыз футзалчылары 10-орунду ээлешкен. Дүйнөдөгү эң күчтүү беш команданын катарына Бразилия, Португалия, Испания, Иран жана Аргентина кирди. Соңку Азия кубогунда кыргызстандык футзалчылар чейрек финалга чейин жетип, күзүндө Өзбекстанда өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо ала албай калган.
Геосаясий ар кыл таасирлерден улам дүйнө экономикасы АКШ, Кытайга таянгандарды жана ага байланбагандарды кошкондо үч блокко бөлүнүп калды. Бул туурасында Эл аралык валюта фондунан (ЭВФ) айтышканын РИА Новости жазды. "Үч блокко бөлүндү деп каралгандар: АКШга таянгандар, Кытайга баш койгондор жана булар менен байланышы жок өлкөлөр блогу", — деп айтылган фонддун геосаясат жана дүйнөлүк соодага арналган докладында. ЭВФтин берген баасына караганда, дүйнө экономикасынын өзүнчө топторго бөлүнүп кетиши товар сатуунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана инвестициялардын чектелишин күчөттү. Булардын саны 2023-жылы үч миңден ашкан. Аталган уюм, мындан сырткары, 2017-2023-жылдары Кытайдын АКШдагы импорттук үлүшү
Жаңылыктар түрмөгү
0