Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров 4-майда Бишкектеги тез жардам балдар клиникалык ооруканасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда «Манас айтуу» иш-чарасы учурунда жүк ташуучу унаа тебелеп кетип, жабыркаган балдардан кабар алды. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, өлкө башчы балдардын саламаттыгына кам көрүүгө эң мыкты дарыгерлерди тартууну, зарыл дары-дармектер менен толук камсыздоону тапшырды. Садыр Жапаров массалык иш-чарадагы коопсуздук чараларына кайдыгер мамиле кылгандарга комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн белгиледи. Абалы оор экени айтылган он бала 3-майда атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Алардын бири баш сөөгү сынган тогуз жаштагы кыздын башына 4-майда операция жасалды.
Өзбекстанда Кыргызстанда маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, бул маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты активдештирүү үчүн чоң жардам болот. "Элдердин ортосундагы маданий диалог жакшы салт болуп калды. Маданият, искусство, кино жана спорт тармагындагы окуялардын болгон динамикасын сактап калуу биз үчүн маанилүү. Бул иш-чара биздин элдерибиздин ортосундагы достукту жана бир туугандыкты мындан ары да чыңдоо үчүн кандайдыр бир көпүрө экени талашсыз", - деди ал.
Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррелль согуштан кийин түзүлгөн эл аралык системанын доору бүткөнүн жана Америка өзүнүн гегемон статусун жоготконун билдиргенин РИА Новости жазды. "Согуштан кийинки биз жашаган эл аралык системанын доору бүттү. АКШ гегемон статусунан кол жууп, 1945-жылдан кийин түзүлгөн дүйнөлүк тартип позициясын жоготууда. Биз азыр Кытай өнүгүп, анын супердержавага айланып баратканына күбө болуудабыз", — деген ал. Боррель бул анча жакшы эмес көрүнүш экенин кошумчалаган. "Мунун фонунда Евробиримдик менен Улуу Британиянын ролун аныктоо керек... Бирок бул алдыдагы коркунучтарга кандай жооп кайтарарыбыздан көз каранды... Европа жоголушу ыктымал деген эскертүүлөрдү угуп жатабыз, андыктан бул өтө маанилүү", — деген Боррель.
Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулдары астында Часов Яр шаарындагы чептүү аймак кулайт, бул — убакыт маселеси. Мындай пикирин Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Вадим Скибицкий The Economist журналына билдирди. "Украинанын негизги тынчсыздануусу Часов Яр шаарындагы дөңсөөдө жайгашкан чептүү аймак. Бул шаардын Авдиевкадай жеңилиши мезгил талабы..." — деген Скибицкий. Маалыматта Часов Яр Украина үчүн чоң стратегиялык мааниге ээ экени белгиленген. Аны басып алуу орус аскерлерине Киевдин көзөмөлүндөгү ДЭРдин акыркы ири шаарларына жол ачат. Скибицкий ошондой эле орус армиясы Очеретинодогу коргонууну жарып өткөнүн — Украинанын куралдуу күчтөрү кырдаалды турукташтыра албай жатканын кошумчалаган.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 88 сом 68 тыйынга 1 евро 95 сомго 1 рубль 95 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 64 сом 50 тыйындан баштап, 65 сом 90 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 71 сом 90 тыйындан, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫЖекшемби күнү республиканын көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Талас +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө +17...+22, ал эми Нарын жергесинде +19...+24 градус жылыйт. Бишкек менен Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ошто +22...+24 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0