Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда "Менин конституциялык укуктарым" аттуу юридикалык жардам көрсөтүү акциясы өтөт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 6-майда саат 10:00дѳн 16:00 чейин уюштурулат. Акция өлкөнүн бардык аймактарында өтөт. Анда жарандарга социалдык пособия алуу, үй-бүлөлүк, жер, мурас жана башка маселелер боюнча консультациялык-укуктук жардам берилет. Иш-чара 5-май - Конституция күнүнө карата уюштурулууда.
Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү асфальтталат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев билдирди. Министр белгилегендей, жалпы жонунан 3 чакырым 800 метр жол оңдолот. Жолду асфальттоо иштери жакынкы күндөрү башталып, июль айына чейин аяктайт. Жолду асфальттоо иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен аткарылууда.
Улуттук статистика комитетинин быйылкы жылдын биринчи кварталына берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда 88 соода борбору иштейт. Ага ылайык, бул соода борборлорунда жалпысынан 7 994 соода жайы бар. Алардын жарымынан көбү Бишкекте (42) экени айтылды. Ош менен Жалал-Абад облустарында 11ден соода борбору бар. Таласта эки гана соода үйү бар экени айтылды. Акыркы жылдары өлкөдө соода-көңүл ачуучу борборлордун саны өсүүдө. Мисалы, 2023-жылы алардын саны 72ден (биринчи кварталда) 82ге (төртүнчү) көбөйгөн.
Бүгүн, 4-майда Жалал-Абад шаарында бокс боюнча эл аралык турнир өтөт. Шаардык мэриядан билдиришкендей, турнирде Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Россиядан келген 14 мушкер күч сынашат. Мелдеш "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда саат 18:00дө башталат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 4-6-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Борреллдин "Батыш Киевди курал-жарак менен камсыз кылбаса Украинадагы жаңжал эки жумада бүтөт" деген билдирүүсү боюнча Telegram каналына пикирин калтырганын РИА Новости жазды. "Баарын моюнга алып жатышат. Мына силерге тынчтыктын формуласы", — деп жазган ал. Буга чейин Боррелль "Батыш өлкөлөрү Киевге курал-жарак жеткирбесе Украинадагы жаңжал эки жумадан кийин аяктайт" деп айткан. Россия Украинага жөнөтүлгөн ар бир курал абалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратат, конфликтиге НАТО өлкөлөрүн түздөн-түз кийлигиштирип "от менен ойноп" жатат деп эсептейт. РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу үчүн берилген ар бир жардам Россиянын максаттуу бутасы болорун айткан. Ал билдиргендей, АКШ жана НАТО Украинаны курал-жарак менен камсыздоо менен жаңжалга түздөн-түз катышкандан тышкары, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө адистерди даярдоо менен алек болушууда. Кремль Батыш тараптын Украинаны курал менен камсыздоосу сүйлөшүү жолуна алып келбей турганын, тескерисинче, мындан терс натыйжа чыгарын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0