Калыбеков: Жазуучулар союзунун "расмий тилемчиси" болдум
"Улуттук жазуучулар союзу — коомдук уюм. Аны жетектеген киши аткаминер деле болуп эсептелбейт. Андыктан мен тамаша иретинде өзүмдү союздун "расмий тилемчисимин" деп койсом кээ бир калемдештериме жакпай калчу. Чынында 80 жылдык тарыхы бар уюмдун абалы абдан начар болуп турган эле. Мен муну президенттин кабыл алуусунда болгондо айтсам, өлкө башчысы бир эле союздар эмес, бүтүндөй мамлекеттик структуралардын чарбасы кейиштүү абалда экенин айтып "чыдай тургула" деген эле. Жалгыз өзүм деп айтуудан алысмын, жапа тырмак киришип, тиешелүү министрлик, өкмөттүн көңүл буруусу, маданиятка болгон туура саясаттын негизинде Жазуучулар союзунун да чарбасы бир топ оңолуп калды. 1,5 миллион сомдук топтолуп калган карызы жоюлду. Кеңсеси туш тарабынан таланып, ижарага берилип кеткен экен, кайтарылып, калыбына келтирилип, ремонт иштери жасалууда. Былтыртан тарта 15 миллион сомдук долбоор кирди. Бир топ сыйлыктар уюштурулду. Буга чейин Алыкул Осмонов атындагы жана Тоголок Молдо атындагы эки сыйлыгы болуп, алардын да 10 миң сомдук сый акысы кээде берилип, кээде берилбей калчу экен. Биз прозаиктер үчүн Мукай Элебаев атындагы республикалык сыйлыкты уюштурдук. Анын каржы маселесин жердештери чечип беришти. Эми ар эки жылда берилип турат. Котормочулар үчүн Узакбай Абдукаимов атындагы сыйлык киргиздик. Анын да жакындары каржы маселесин чечип турмай болду, ар эки жылда 100 миң сомдон. Адабий сын жанрын колдоо максатында Болот Акматов сыйлыгы уюштурулду, ал да 100 миңден. "Алтын калем" сыйлыгына 100 миң сомдон бериле турган кылып, улуттук сыйлыкка айланттык. Анын ичинде балдар адабияты, орус тилдүү адабияттар, жалпысынан жети багыт каралган. Айтор, колубуздан келишинче иштедик. Мен жаштардын шары менен бул уюмга жетекчи болуп келгем, ошолор мага дем-күч берип, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болушту, — деди Калыбеков.