00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:08
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
"Унаа" майрам күндөрү иштей турган бөлүмдөрдүн тизмесин жарыяладыИслам онуктуруу банкы кыргызстанга насыянын эсебинен там салмай болдуБорбордо "Ы" тамгасына эстелик орнотулду алдыда кененирээк"Унаа" мамлекеттик ишканасы майрам күндөрү иштей турган бөлүмдөрүнүн тизмесин жарыялады. Ага ылайык, 4-майда саат 08:30дан 17:30га чейин (12:00-13:00 тыныгуу) төмөнкү бөлүмдөр ишейт: Ч.Валиханов көчөсү, 2 ("Аю Гранд" соода комплекси) дарегинде жайгашкан Бишкек шаардык бөлүмү, сурап-билүү үчүн телефон: 0312 63-23-63; Военно-Антоновка айылындагы ("РИОМ-Авто" унаа базары) аймак аралык бөлүм, сурап-билүү үчүн телефон: 312 46-39-10; Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү, 168 ("Жапалак" унаа базары) дарегиндеги Ош-2 сектору. Мекеме 6-майдан тарта бардык каттоо бөлүмдөрү кадимки тартипте иштей баштаарын кошумчалады. Белгилей кетсек, өлкөдө май майрамдарына байланыштуу 1-майдан 6-майга чейин эс алуу күндөрү болот.
Эртең, 30-апрелде, жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктай турганын Мамлекеттик салык кызматы эскертти. Маалыматка ылайык, бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны саат 24:00гө чейин кабыл алышат.1-майга чейин жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер; менчигинде салык алынуучу мүлкү жана жер тилкеси бар жеке жактар; юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар; мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери; эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу барлар; жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммага мүлк сатып алган жеке жактар салык декларациясын тапшыруусу зарыл.
"Шарият стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо" долбоорунун алкагында 112 миң чарчы метр турак жай куруу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү макулдашууга Ислам өнүктүрүү банкы менен 27-апрелде кол коюлган. Кеп 79 миллион доллар жеңилдетилген каржылоо тууралуу болууда. Акча кийин сатып алуу шарты менен ижарага, ошондой эле "Менин үйүм — 2021-2026" программасынын алкагында ислам принциптери боюнча ипотекага берүү үчүн өлкө аймактарында жеткиликтүүү турак жай курууга жумшалат. Божомолдор боюнча, 2000ге жакын үй-бүлө турак жай менен камсыз болот.
Кыргызстан Россиядан бензинди көп сатып ала баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Билдирүүгө ылайык, январь-февраль айларында республика дээрлик 35 миллион долларга бензин сатып алган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп. Белгилей кетсек, Россия — ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстанды бензин менен камсыз кылган жападан жалгыз өлкө.
Борбор калаадагы "Ынтымак" сейил багында "Ы тамгасы" арт-объекти пайда болду.Ага "кыргыз", "ыйык", "ырыс" деген сыяктуу сөздөр чегерилген. Эстеликтин ачылышында андагы QR-код аркылуу Кыргызстан тууралуу маалымат алса болору айтылды.Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, "Российская газета" басылмасынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков жана шаар тургундары катышкан. Мындай арт-объектини орнотуу идеясы "Российская газета" өкүлчүлүгүнө таандык, Бишкек мэриясы долбоорду колдоого алган. Эстелик Екатеринбургда жасалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0